super.kg logo

Ысык-Көл облусунда мал уурдоо менен алектенген 3 жаран кармалды

 

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда майда жандыктарды уурдап жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, январь айынын башында Тоң районунун Дөң-Талаа айылына жакын жайгашкан сарайдан 10 баш кой белгисиз адамдар тарабынан уурдалган. Ысык-Көл облусунун Тоң РИИБи бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (уурдоо) менен сотко чейинки иликтөөлөрүн баштаган. Бир нече күндөн кийин башка айылдан дагы майда жандыктар уурдалган.

"20-январь күнү милицияга Тоң районунун тургуну кайрылып, арызында Комсомол айылынын жанынан 30 баш кой уурдалганын билдирген. Жогорудагы факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки иликтөө башталган. Комплекстүү ыкчам изилдөө иш-чаралардын жүрүшүндө уурдалган малды сатып алгандар такталып, мал ээлери өздөрүнүн уурдалган малын таанышкан.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери шектүүлөрдүн өздүгүн тактап, үч жарандан турган уурулар тобу кармалган. Алар мурда алдамчылык беренеси менен кылмыш жоопкерчилигине тартылган 1979-жылы туулган Ш.Ж., 1991-жылы туулган Ж.А. жана 1992-жылы туулган Ж.уулу.Т. аттуу жарандар болгон. Болжолдуу маалымат боюнча кылмышкерлер малды уурдап, жүк ташуучу унаа менен Токмок шаарына алып барып, сатып жүрүшкөн", - деп айтылат маалыматта.

Кармалган жарандар азыркы учурда Ысык-Көл облусунун Тоң РИИБине жеткирилип, сотко чейинки иликтөөлөр жүрүүдө. Кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды да аныктоо иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
18.02.2019. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болуптур Эми тынч уктайбыз
18.02.2019. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бетин жаппай эле койбойсуңарбы болбосо чыгарбай эле койгула да. Эл көрсүн да бетин же уят болобу.
18.02.2019. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
taalai1008, мыйзамга ылайык, шектүү катары кармалгандын сүрөтүн жарыялоого болбойт
18.02.2019. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сакал да коюп алыптыр бироосу. Намазга жыгылган неме го
18.02.2019. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сакалды койуп алып уурулук кылатт
18.02.2019. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бетин ачып кочо кыдырып суротун даана бергиле жабыр тарткандар Корсун кармалды деп айтынар Эми корсоткуло да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: