super.kg logo

Бишкекте 61 жаштагы спорт ардагери 16 килограммдык гиряны 2500 жолу көтөрүп, дүйнө рекордун жаңылады

 

Бишкекте 61 жаштагы спорт ардагери Александр Петров 16 килограммдык гиряны 2 жарым саат тынбай көтөрдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына машыктыруучу Шамиль Яргаев кабарлады.

Анын айтымында, 2500 жолу көтөрүлгөн гирянын жалпы салмагы 40 тоннаны түздү.

"16-февралда Бишкектеги соода түйүндөрүнүн биринде спорт ардагери Александр Петров Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата гиря көтөрүү боюнча супер марафон өткөрдү. Ал 2 саат 20 мүнөттө 16 килограммдык гиряны 2500 жолу көтөрдү. Көтөрүлгөн гирянын жалпы салмагы 40 тоннаны түзүп, ардагер спортчулар арасында дүйнөлүк рекордду жаңылады.

Мындай марафондорду алдыда дагы көп жолу уюштуруу ниетибиз бар. Бул жылы ордолуу Ош шаарынын 3019 жылдыгы белгиленет. Буга байланыштуу Петров Сулайман тоодо марафон уюштуруп, гиряны 3019 жолу тынбай көтөрүүнү көздөп жатат.

Жай айларында Өзбекстанда гиря спорту боюнча Азия чемпиондугу өтөт. Каражат табылып калса ал чемпиондукка да катышып келүүнү пландап жатабыз", - деди Яргаев.

Александр Петровдун гиря көтөрүү спорту боюнча жетишкендиктери:

  • Орто Азия округунун чемпиону - 1987-жыл;
  • СССРдин чемпиондугунда күмүш медалдын ээси - 1989-жыл;
  • Европанын жана Дүйнөнүн чемпиону - 2013-жыл;
  • Ардагерлер арасында Европа чемпиону - 2014-жыл;
  • Гран-принин жеңүүчүсү, ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиону - 2016-жыл;
  • Ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиону - 2017-жыл;
  • Ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиону - 2018-жыл.





Бишкекте 61 жаштагы спорт ардагери 16 килограмдык гиряны 2 жарым саат тынбай көтөрдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
18.02.2019. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Молодец
18.02.2019. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Омурун берсин ден соолукта болунуз аксакал)))
18.02.2019. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздин бармак учу менен ушак жазган кыкеңдерден 1000000 эсе артык экен.Азаматсыз Александр Петров!!!
18.02.2019. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыпалак баатыр деле кем калышпайт, гиряны манжасы менен илип которуп.
18.02.2019. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
25 которгонумдо кетбеген жерден тер кетет менден
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: