super.kg logo
  Саясат  

"Балык чарба департаментинин жетекчиси өзү балык кармап көргөнбү?" деген эл өкүлү Айыл чарба министрлигинин ишин сындады

 

"Балык чарба департаментинин жетекчиси өзү балык кармап көргөнбү?" - деп Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында бүгүн, 18-февралда депутат Мирлан Бакиров суроо салды.

Жыйындын жүрүшүндө айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев 2019-жылдын жазгы талаа жумуштарынын даярдыгы боюнча жалпы маалымат берди. Депутат Бакиров учурда балык чарбасын өнүктүрүүдө көрүнүктүү эч кандай жылыш болбой жатканына нааразы болду.

"Балык чарбасы боюнча бүгүнкү күндө абал кандай? Балык чарба департаментинин жетекчиси өзү балык кармап көргөнбү?" - деди Бакиров.

"Балык чарба департаменти тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүүдө. Учурда департамент тарабынан 1-2 мыйзам долбоору даярдалып чыкты", - деп жооп кайтарды Мурашев.

"Мына жакында өлкөбүзгө Орусиянын президенти Владимир Путиндин расмий сапары менен келүүсү күтүлүүдө. Айыл чарба тармагында кандайдыр бир даяр сунуштар барбы?" - деп кошумча суроо берди Бакиров. Бул суроого Мурашев: "Биз азыр президенттик аппаратка тиешелүү сунуштарды бердик", - деди.

Учурда Жогорку Кеңеште комитет жыйынында “Кыргыз Республикасында 2019-жылдын жазгы талаа жумуштарын өткөрүүгө даярдыктын жүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы угулууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: