super.kg logo

Түркмөнстандын президенти Бердымухамедов жолбун жаныбарларга баш калкалоочу жай курууну тапшырды

 

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жаныбарлар үчүн атайын клиника жана жолбун жаныбарлардын баш калкалоочу жайын ачууну тапшырды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.

Маалыматка ылайык, өкмөт мүчөлөрүнүн жыйыны өтүп жатканда өлкө башчысы мындай тапшырманы берип, ал өлкө казынасынан каржыланарын айткан. Жолбун жаныбарлар үчүн борборлоштурулган жайды кайсы жерге курууну караштыруу, заманбап стандартта куруу боюнча иштер вице-премьер Эсенмырат Оразгелдиевге дайындалган.

"Ал жайды кайсы бир абалына байланыштуу үйүндө жаныбарды бага албай калган адамдар да пайдаланса болот. Тактап айтканда, жаныбарды көчөгө таштабай, ошол борборго тапшыруу керек. Мындан тышкары жер которууга туура келип, жаныбарын өзү менен кошо алып кете албаса борбор убактылуу жаныбарды багууга алат. Оорусуна жана карыганына байланыштуу үй жаныбарына камкордук көрсөтө албай, бирок ал ити же мышыгынан ажырагысы келбесе жаңы ачылган жайга таштап, бирок өзү каалаган убагында аны көргөнү келип турса болот", - деп жазылат маалыматты.

Муну менен катар жаныбарларды жакшы көргөн адамдар ал жерге келип, алар менен тил табышып, алаксып, каалагандар өзү кызыккан жандыкты алып кетүүгө да мүмкүнчүлүктөр каралат.

Буга чейин маалымдалгандай, Ашхабадда жана өлкөнүн башка аймактарында жолбун жаныбарларды атуу жолу ишке ашып келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: