super.kg logo

"Айыл чарба министрлигин эл чириген картошкага салыштырууда" деген депутатка министр "аймактарды кыдырдым, чириген картошка жок" деп жооп берди

 

"Айыл чарба министрлигин эл чириген картошка менен салыштырып жатат", - деп Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Кенжебек Бокоев айтты. Депутат Айыл чарба министрлигине көп сын-пикирлер айтылып жатканын, министрликтин алдында бир нече департамент иш алып барып жатканы менен көйгөйлөр чечилбей келгенин баса белгиледи.

"Айыл чарба министрлигин эл чириген картошка менен салыштырып жатат, эми бул элдин пикири", - деди Бокоев.

Буга вице-премьер-министр Кубатбек Боронов: "Картошка боюнча маселе Кочкор, Жети-Өгүз жана Түптө эле болуп жатат. Мындай көйгөй башка аймактарда жок. Тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү мындан бир нече күн мурун Өзбекстанга барып картошканы өткөрүү боюнча келишим түзүп келди. Бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Күнүнө Өзбекстан тарапка 180-200 тоннага чейин картошка өткөрүлүп жатат", - деди.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев "чириген картошка жок, мен деле айрым аймактарды кыдырдым" деди.

"Мына мен кечээ эле Ысык-Көлгө барып келдим, мага жергиликтүү тургундар март айы болуп калды, картошка чирип жатат деп айтышты. Анда бул маселени картошка чиригенде көтөрөйүн, эч моюнуңарга албайт экенсиңер да", - деп кошумчалады депутат Бокоев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
18.02.2019. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Түшүнүгү жок го бул министрликтин
18.02.2019. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Силердин оюңар боюнча, Кыргызстан боюнча жашоо керемет.бир эле картошка эмес,алмалар да чирип жатат
18.02.2019. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
найдите 10 отличий...болуп калыптыр жогорку суротто)))
18.02.2019. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушулар элди ойломок беле,баасы ылдый болсо ,,илибой,, мамлекет алат да. Алардын башчылары элин ойлойт! Суйлошуп атабыз деп койушат,алар каалаган убакта арзандатып ала беришет. Байкуш элдин канча меенети канча нерви кетти! Ушуларды кайсы акылдуулар ушул орунга отургузду экен!? Кайран ЭЛ. Чондордон багыбыз ачылбай койду го!
18.02.2019. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чириген картошка айылдарда эмес, кабинетине чейин кирип келди го.
18.02.2019. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озбекистан картошка алабыз десе 200мин$ пара сураптыр кыргызстан деген кандай имиш.
19.02.2019. 08:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чириген картошкадан да хуже экенсиңер го!!! Башыңардын ичи көңдөй экен такыр эле, чириген картошканын ичинде чириги бар жок дегенде!!!
PROS түзөттү 2019-02-19 08:19:06
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: