super.kg logo

Депутат грант катары бөлүнгөн каражаттарга "малды кантип жаюу керек" деген тренингдерди өткөрүүнүн кереги жок экенин айтты

 

Бүгүн, 18-февралда Жогорку Кеңеште Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйыны өттү. Аталган жыйында Германия Кыргыз мамлекетине 5 миллион евро грант каражат бөлүп жатканы тууралуу маселе каралды.

Анда депутат Тариел Жоробеков Кыргыз өлкөсүнө келген гранттар туура эмес тармактарга колдонулуп жатканын айтты.

"Грант катары Германиядан каражат бөлүп жатканы жакшы иш. Бирок ошол каражатка малды кантип жаюу керек, тоютту кантип даярдоо керек деген семинар, тренингдерди өткөрөт экенсиңер. Бул болбогон нерсе. Келген акчаны орундуу пайдалансаңар, жөнү жок чачпай. Өкмөт мүчөлөрү, депутаттар тарабынан берилген бир дагы суроого жооп бере албай тилиңерди тиштеп отурасыңар", - деди эл өкүлү.

Мындан тышкары Жоробеков грант катары бөлүнгөн каражатты 2 же 3 тармакты аныктап, ошол багыттагы иштерге толук жумшоо керектигин сунуштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
18.02.2019. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Малды кантип жайганды ошол Малды жайгандар оздору билет билбегенде жайбайт болчу
18.02.2019. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ужас куло берип ичим ооруду. Малчыларга берип койбойт беленер андан коро ошол акчаны. Кантип жайганды малды ошо тренинг откоргтндор оздору билет бекен биринчи. Ужас дагы бир жолу
18.02.2019. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Малды кантип жайыш керек экенин аларга үйрөтүп койбойбузбу
19.02.2019. 08:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал деген акча жеш үчүн ойлоп тапкан амалы да шумпайлардын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: