Чүйдө 5 айдан бери дайынсыз болуп жаткан жаран изделүүдө
Чүй облусунун Сокулук районунда 5 айдан бери дайынсыз болуп жаткан жаран изделүүдө. Сокулук РИИБи ага карата издөө жарыялады.
Изделип жаткан Эсен Шейшенбек уулу 1995-жылы туулган. Ал 2018-жылдын 15-сентябрында Сокулук районуна караштуу Дача-СУ айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз.
Белгилери: Бою 1 метр 70 сантиметр, арык чырай, көздөрү кой көз, кара чачтуу.
"Кийген кийими сезонго жараша кийинип жүргөн. Эсен Шейшенбек уулун көрүп-билгендер болсо, Сокулук райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө төмөнкү телефондор аркылуу кайрылууну суранабыз", - дейт РИИБ.
Байланыш телефондору: 0 (312) 60-75-67, 0 (558) 86-14-86, 0 (709) 35-35-29 же 102.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.