super.kg logo
  Саясат  

"Буйволдун этин Кыргыз өлкөсүнүн аймагына киргизбөө керек. Бул эт көбүнчө көчөдө сатылган самса, пирожкилерге колдонулат" деди эл өкүлү

 

Былтыр өлкө аймагына 80 тонна буйволдун эти алынып келген. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов билдирди.

Депутат Кенжебек Бокоев буйволдун этин Кыргыз мамлекетинин аймагына киргизбөө керектигин айтты.

"Буйволдун эти бизге киреби же кирбейби? Буйволдун этин өлкөгө киргизбеш керек деген маселе бир нече жылдан бери көтөрүлүп келет. Мисалы, ал эт сапаты боюнча начар, уй этине караганда да бир топ арзаныраак. Бул эт көбүнчө көчөдө сатылган самсы, пирожкилерге колдонулат", - деди эл өкүлү.

Буга Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциянын жетекчиси: "2018-жылы өлкө аймагына 80 тонна буйволдун эти алынып келген, бирок ал эттин эч кандай уруксат кагаздары болбогондугуна байланыштуу сатыкка чыккан эмес", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: