Дастан Лепшаков жана 2 кыргыз бильярдчы Дүйнө чемпиондугуна катышат
Орусияда өтө турган бильярд боюнча Дүйнө биринчилигинде Кыргыз өлкөсүнөн 3 спортчу катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган мелдеш 25-февралдан 3-мартка чейин Орусиянын Ханты-Мансийск шаарында өтөт. Ага катышуу үчүн Орусия, Беларусь, Украина, Казакстан, Азербайжан, Молдова, Монголия, Финляндия, Армения, Грузия, Литва, Латвия, Эстония, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана башка мамлекеттерден спортчулар барат. Кыргыз өлкөсүнөн 3 спортчу катышат, алар Дастан Лепшаков, Ызатбек Ратбеков жана Канат Сыдыков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.