Бишкекте жол тыгындарды жөнгө салуу үчүн кошумча жол чырак жана белгилер орнотулат
Бишкекте жол тыгындарды жөнгө салуу үчүн кошумча жол чырак жана белгилер орнотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, мэрия “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында Бишкектин көчөлөрүнүн кесилишиндеги унаа кыймылдарын жөнгө салуу боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.
“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында камералар ишке киргенден кийин айдоочулар жол эрежесин сактап, айрым көчөлөрдүн кесилишинде узакка созулган жол тыгыны пайда болуп, жарандардын жумушка кечигүүсү сыяктуу көйгөйлөр болгон. Мындан улам жумушчу жыйынга катышкандар төмөнкү көчөлөрдүн кесилишине кошумча жол чырактарды жана секцияларды орнотуу чечимине келишти:
1. 7-апрель менен Горкий көчөлөрүнүн кесилиши (түндүктөн түштүктү карай бара жатканда солго бурулууга кошумча секция орнотулат. Аталган кесилиште 4 тилке болот);
2. Курманжан датка менен Чүй кең көчөсүнүн кесилиши (жол чырактын орду өзгөрөт жана кошумча секциялар үчүн бөлүнгөн убакыт көбөйтүлөт);
3. Чүй кең көчөсү менен Фучик көчөлөрүнүн кесилиши (батыш тараптан чыгышты көздөй келе жатканда экинчи тилкеден солго бурулууга болот).
Ошондой эле Чүй кең көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын жөө адамдар өтүүчү тилкесинде узун тыгын орун алып жаткандыгы белгиленип, мэрия маселени айдоочулар, активисттер, эксперттер жана жарандар менен бирге талкуулай турганы айтылды.




1 |