super.kg logo

Шашылыш билдирүү! 20-22-февраль аралыгында өлкө аймагында кар жаап, суук болот

 

20-февралдан 22-февралга чейин өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы таратты.

Маалым болгондой, 20-февралда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 21-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаап, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ысык-Көл жана Нарын облустарында 21-22-февралдарда кар жаайт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү жаралат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетет.

21-22-февралда абанын температурасы төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз -1…-6°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6°, күндүз 0…-5°, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -4…-9°, күндүз -2…+3°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -5…-10°, чыгышында -10…-15°, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -19…-24°, күндүз -6…-11°, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -30…-35°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз суук аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылын кыйындатат.

19-февралда күндүз жана 20-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

20-февралда күндүз жана 21-февралда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетиши күтүлөт.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
20.02.2019. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кар пар жок Ж.Абадта
20.02.2019. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bek_tash,20-22 али боло элек го
20.02.2019. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Башталды суук.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: