super.kg logo
  Саясат  

Депутат Исхак Масалиев: "ЕАЭБге мүчө мамлекеттер бири-бирине көйгөйлөрүн айтып туруусу керек"

 

Жакында Сочи шаарында президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Анда Владимир Путин эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык маселе, бажы тармагындагы көйгөйлөр тууралуу сөз кылды. Орусиянын президентинин Кыргыз бажысындагы көйгөйлөр тууралуу айтканы боюнча интернет колдонуучулар арасында "жадакалса Орусия биздин бажы кызматкерлердин коррупцияга белчесинен батышы боюнча кооптонуп баштады" деген пикирлер жазылды.

Кыргыз Бажы кызматындагы коррупция тууралуу байма-бай айтылып келет. Бирок аталган кызматты реформалоо же коррупционерлер менен күрөшүү жаатында бийлик чечкиндүү кадамдарды жасай элек.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Орусиянын президенти Путин ЕАЭБ алкагында Кыргыздын Бажы көзөмөлүнүн ишине канааттанбай жатканын дагы кыйытты. Бажы кызматындагы коррупциялык схеманы жоюуга бийликтин алы жетпейби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев жооп берди.

Ал Бажы кызматындагы коррупциялык схеманы жоюу үчүн Кытай менен биргеликте компьютер менен онлайн түрүндө ордун алмаштыра турган электрондук тараза байланышы болушу керек экенин айтты.

"Бир заматта чек арадан кирген товардын баасы, көлөмү борборго чыга турган болгондо эч кимди эч жерге жолото албайт. Анткени Кытайдан кирген товарлар арзан кирип, биздин рынокко чыкканда баа сакталбай кетип жатат. Ал эми Орусиянын президенти Путин дагы ЕАЭБ алкагында Кыргыздын Бажы көзөмөлүнүн ишине баа бере алат. Себеби биз биримдикке кирдик. Кытайдан келген товар Орусияныкынан же Казакстандыкынан арзан сатылып калышы мүмкүн. Бул товар сатуучуларга тоскоолдук жаратат. ЕАЭБге мүчө мамлекеттер бири-бирин алдабоосу керек. Ошондуктан сын-пикир, көйгөйлөр айтылышы зарыл. Ал канчалык ишке ашат, ал башка кеп", - деди Масалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахаб Нурбаев, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, саясий серепчи Марс Сариев, саясат таануучулар Орозбек Молдалиев жана Даниел Кадырбековдун жообу бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: