Индияда алгачкы ылдам поезд ишке киргизилген күндүн эртеси уйларды сүзүп алды
Индияда алгачкы ылдам поезд ишке киргизилген күндүн эртеси кырсыкка кабылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Индияда алгачкы жолу курулган ылдам поезд 15-февралда Дели шаарынан Варанаси шаарына сапарга чыккан. Поезддин алгачкы сапары өлкөнүн премьер-министри Нарендра Модинин катышуусундагы иш-чара менен коштолгон.
Кырсык 16-февраль күнү Дели шаарына кайтып келе жаткан учурда орун алган. Ылдам поезд темир жолдон өтүп бара жаткан уйларды сүзүп, электр системи жана тормоз системи жабыркап ылдамдыгы төмөндөгөн. Бирок буга карабай поезд өз алдынча борбор шаарга чейин жетип барган.
Индуизм дининде уйлар ыйык жаныбар катары саналат. Индиянын калкынын 80 пайызга жакыны индуизм динин тутунушат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(6)
Bars88
19.02.2019. 09:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эми ишенип калышсын анда уйду олтуруп алса эч нерсе болбосун.Этин дагы жеп корушсо кандай дамдуу экенин билишет эле
Dembele84
19.02.2019. 10:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Андайлар дагы коп катталат,поезд жолунун эки тарабы тосулбаган болсо и уйлар ээн эркин басып жургон болсо
Snikers18
19.02.2019. 13:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздин Кыргызстанда жүргөн индустар уйдун этинен жасалган тамактарды жеп эле жүрүшөт. Алардын бул кылганы өз диндерине туура келеби же жокбу?
DOSkg
19.02.2019. 19:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Snikers18,Индиянын кээ бир штаттарында уйдун этин жешет.Батыш Бенгалия менен Кералада.
Lukman-Hakim
19.02.2019. 21:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Snikers18, Биздеги индустар ар кайсы динденда, уйга сыйынгандар такыр эт жебейт. Башка диндегилер жей беришет, анан Мусулмандары дагы бар, жума намазга көп келишет.
talas0707
19.02.2019. 19:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул жакта туулган уйлар жаман бактылуу болсо керек?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















