super.kg logo

Эксперт Бактыгулов: "Кыргыз мамлекетине келген инвесторлордун саны кескин кыскарды"

 

Бүгүн, 19-февралда Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тегерек стол өтүп жатат. Бул кодекске өзгөртүү киргизүү демилгесин Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясы көтөргөн.

Жыйында эксперт Шерадил Бактыгулов иштөөгө жана экономиканы көтөрүүгө тоскоолдук жараткан мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керектигин айтты.

"Кыргыз мамлекетиндеги жалпы мыйзамдарды алып караганда жакшы. Мисалы, өкмөт аркылуу инвесторлорду чакырууга жакшы иштер жүрүп жатат, бирок каттоодо жана салык системинде маселелер чыгууда. Ошол себептен алар качып жатышат. 2014-жылдан бери Кыргыз өлкөсүнө келген инвесторлордун саны кескин азайып, көбү Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттерине кетип жатат. Себеби инвесторлор Кыргыз мамлекетине келгенге кызыкдар эмес. Бизде аларга карата түзүлгөн шарт жакшы эмес", - деди Бактыгулов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: