super.kg logo

Адис: "Лысый мөңгүсүнүн ылдый жагына Давыдов мөңгүсүнөн иштелип чыккан калдык төгүлүп, элге кир суу агып жатат"

 

Бүгүн, 19-февралда Кыргыз Республикасынын Суу кодекси боюнча депутаттардын жана эксперттердин катышуусунда тегерек стол өттү. Анда SUPER.KG порталынын журналисти азыркы учурдагы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн абалы тууралуу сурады.

Гляциолог (мөңгүлөрдү изилдеген адис) Рыскул Усубалиев Давыдов мөңгүсүндө механикалык талкалоо иштери жүрүп жатканын айтты.

"Давыдов мөңгүсүнүн асты алтындын кору көп жаткан жер. Ошондуктан мөңгүнүн үстүн алып салып, очок жасашкан. Мөңгү дайыма кыймылда болуп турат. Эгер аны алып турбаса иштеп жаткан адамдарды басып калат. Ал эми Лысый мөңгүсү таза бойдон турат. Бирок бул мөңгүнүн ылдый жагына Давыдов мөңгүсүнөн иштелип чыккан калдыкты төгүп жатышат. Муз эригенде кир суу чыгат, анткени иштетилген мөңгү эрип жатат", - деди Усубалиев.

Мындан тышкары Рыскул Усубалиев "Кумтөр" компаниясынын өнүмү Кыргыз мамлекетине керек экенин кошумчалады.

"Бул компания Кыргыз өлкөсүнүн бюджетинин бир нече бөлүгүн жаап жатат. Азыр ишкананы токтотуп салсак туура эмес болуп калат. Баштаган ишти аягына чейин чыгаруу керек. Ошол эле учурда көзөмөлдү күчөтүп, экологияны сактоо зарыл", - дейт гляцеолог.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.02.2019. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адистерге кулак бурбай, популисттердин шилекейи чачыраган жаагын жалдырайбыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: