super.kg logo

"Бир да жасалма жумуртка табылган жок". Ветеринардык жана фитосанитардык инспекция "резина" жумуртка боюнча үн катты

 

"Интернетте тарап жаткан жасалма жумурткалар делген видео боюнча иликтөө жүрүп, бир да жасалма жумуртка табылган жок". Мындай маалыматты бүгүн, 19-февралда басма сөз каражаттарынын өкүлдөрүнө Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Калысбек Жумаканов билдирди.

Анын айтымында, интернетте тараган жумурткалар Ошко Ысык-Көл облусунан алынып келген.

"17-февралда социалдык тармактар аркылуу тараган видео боюнча биздин инспекция УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте иликтөө жүргүздү. Иликтөөнүн негизинде Ош шаарындагы бардык 17 жумуртка сакталган жерлер текшерилди. Ар бир жумуртка сакталган жерден үлгүлөр алынып, экспертизага жөнөтүлдү. Ошондой эле адистер тарабынан жеринен жумурткаларды жарып көрүштү. Жасалма жумуртканын сыртындагы катуу кабыгы менен ичинин ортосунда чел кабык болбойт. Текшерүүдө бир да жасалма жумуртка табылган жок.

Мындан сырткары УКМКнын кызматкерлери видеону тараткан Урматбек аттуу Ош шаарынын тургунун да тыбышты. Анын айтымында, видеодогу жумурткаларды Оштогу "Арча" чакан базарынан сатып алыптыр. Ал жерде да текшерүү иштери жүргүзүлүп, жасалма жумуртка табылган жок. Жумуртка Ысык-Көл облусундагы тоок фермасына таандык экендиги белгилүү болду.

Жасалма жумурткалар Өзбекстандан аткезчилик жол менен алынып келген болушу мүмкүн деген божомолдор аныкталган жок", - деди Жумаканов.






"Ошто жасалма жумуртка сатылууда" дейт

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(15)
19.02.2019. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анда видеодогу киши озу жасаган окшойт да
19.02.2019. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Срогу отуп кетсе да ошентип калат дешет го, аны алар бышырып коруш керек эле да, камында мумкун андай болбойттур
19.02.2019. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
акча алып жан багатта булар
19.02.2019. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
«Жаап» коюшту да, дагы резина жумуртка чыкса бул эски видео деп кутулушат.
19.02.2019. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азыр адамдарда ыйман ынсап калбады акча десе атасын сатат
19.02.2019. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Коздору кор болуп калышат. Алдамчылар!!!!!!!
19.02.2019. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ачкны алышты да жабышты дагы Бир куну чыгат
19.02.2019. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
саучасник болот буларда мумкундур.надо независмый экспертизу праводить кылыш мумкундур. на видео адамды текшертиш суроо жазаш керектир болууда!!! аферист байланышы наверно!!!
19.02.2019. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кече магазинден бир лоток жумуртка сатып келип кууруп алып же тамагыман өтсө кантейин кайра кайра резина жумутка дегенди элестетип анан сууга кайнатып көрүп жаным жай албадыбы. Бышырып алып кайра кайра кесип көрдүм жок жакшынале жумурткалар экен. Ал кишини алдады дебейм туш келип калган да ошондой жумурткага. Баардык жумурткалар эмес арасынан чыгып калышы мүмкүн этият болуш керек да
19.02.2019. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Оой жасалма жумуртка бар экендиги айдан ачык нерсе го. Тооба. Акчаны алды да актыны жазды.
19.02.2019. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы окурмандар жана тиешелүү органдар.Мен Өзгөндө Өзгөн базарына ушул кабарды үйдө окуп базарга барсам,бир жумуртка саткан эжеге жумуртка алган клиенттери келип резина жумуртка чыгыптыр деп жалоб кылып кетиптир.Жумуртка Оштон келет экен,ошону жа карап койсоңор деген кабар.Значить жумурткалардын арасында жасалма жумуртка чыгып жатыптыр да.
20.02.2019. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Булар баарын билет акча жаап койгон давно эле акча десе ХХХХ сатып жиберишет
Модератор admin_superstan түзөттү 2019-02-20 08:00:25
20.02.2019. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уялбай бетин табактай кылып,видеого тартканды алдымча кыласынар силер аппаксынар бизде баары жок жайында ))
20.02.2019. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул чондорду ХХХХ ХХХ бекен бир кун, жасалма тукум болбосо ичиндеги сары чачылып кетмек адамдын колу тийгенде, видеодон сарысыны мыткып ойносода эчнерсе болбоду го резинага окшоп, накта жасалма чондор силерди Кудайга тапшырдым арам акча деп журуп 1кун жарылаарсынар! ЭЛДЕР АЛБАГЫЛА АРЗАН ТУКУМДУ БУД ЧОНДОР ОЛУП БАРАТСАНДА ОЗУНУКУН МАКУЛ КЫЛА БЕРЕТ! АКЧА УЧУН (Куудул) Тынар айтмакчы копуруко да чыгып алат буларга даба жок.
Модератор admin_superstan түзөттү 2019-02-20 13:37:10
20.02.2019. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кантип табылган жок калп айтышат. Мен дагы 15 даана жумуртка Ош шаарындагы магазинден алдым. 5 даанасын сууга бышырып жегени жатканда балдарым жумуртканын сарысы башкача экенин айтышып, ошол резина ондонгон, жеген жокпуз. Учоон чагып корсок сарысы таптакыр башкача экен. Калганы турат . Бул калп айтылган жок Ош шаарында ошондой жумурткалар сатылды же дагы деле сатылып жаткандыр балким. Мен ошондон бери жумуртка ала элекмин коркуп. Кантип элди ойлобой ушундай бизнес жасашат тушунуксуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: