Фермер Ветеринардык инспекциянын жетекчисине жумуртка белек кылды
Бүгүн, 19-февралда Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Калысбек Жумаканов журналисттерге интернетте тараган "резина" жумуртка боюнча иликтөө иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Жумакановдун айтымында, Ош шаарындагы 17 жумуртка сакталуучу жайлар текшерилип бир дагы жасалма жумуртка табылган эмес.
Журналисттер менен бирге мамлекеттик инспекцияга барган фермер жетекчи Жумакановго "өзүмдүн тоок фермамда табигый жол менен өндүрүлгөн жумурткадан ооз тийиңиз" деп бир баштык жумуртка белек кылды.
Фермердин айтымында, тоок фермасынын чыгымдарын эсептегенде ар бир жумурткага 5 сомдон туура келет.
"Фермадагы жумуштун баарын өзүм жасаган учурда ар бир жумуртканын өз баасы 5 сомго чыгат. Жумушчу жалдап иштете турган болсом 5 сомдон да ашып кетет. Казакстандан келген жумурткалар дүңүнөн сатылганы үчүн баасы арзан болуп, бизге бир топ атаандаштык жаратып жатат. Өзгөчө жай мезгилинде сатуудан аябай кыйналып калабыз.
Өз фермамда табыгый жол менен өндүрүлгөн жумурткалардан сизге да ала келдим. Ооз тийип коюңуз", - деди фермер.
Фермер Ветеринардык инспекциянын жетекчисине жумуртка белек кылды


