super.kg logo

"Резина" жумуртка тууралуу видеону интернетке тараткан жаран: "Жасалма жумуртканын кайдан келгенин аныктап чара көрүүнүн ордуна, видеону "фейк" деп жатышат"

 

17-февралда социалдык тармактарда "Ошто жасалма жумурткалар сатылып жатат" деген видео тарады. Анда керектөөчү тамактанар алдында сууга бышырылган жумурткалар деп аны аарчып, ичи чыныгы жумуртка эмес экенин айткан.

"Мунун сырты кадимки эле жумурткадай, бирок ичин ачканда сарысы резина", - деп керектөөчү көрсөтүп берген. Айтымында, ал жумуртканы Ош шаарынан сатып алган.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ветеринардык көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Манас Майканов SUPER.KG порталына аталган видео боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирген.

Бүгүн, 19-февралда аталган инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов иликтөө иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат таратып, Ош шаарынан бир да жасалма жумуртка табылбаганын билдирди.

Ал эми талкуу жараткан видеонун автору Урматбек Разаковдун айтымында, видео тарагандан кийин сатып алган жумурткалардын бир нече даанасын изилдөө үчүн санитардык-эпидемиологиялык станциянын кызматкерлерине өткөрүп берген.

"Өзүм Ош шаарынын тургуну болом. 16-февраль күнү түшкө жуук базардан 30 даана жумуртка сатып алдым. Түшкү тамакка кууруп жегенбиз. Кууруганда жабышпай майда бөлүктөргө чачырап кеткен. Бирок эч нерседен күмөн санабай эле жеп койгонбуз. Кечки тамакка кошуу үчүн келинчегим 10-12 даанасын сууга бышырган. 4 балам бирден көтөрүп жүргөн экен, аарчып берейин деп жатып жумуртканын ичиндеги сарысы резина экенин көрдүм. Аны алып жерге урсам кайра өзүмө секирип келди. Экиге бөлүп туруп кайра бириктирсем биригип калды. Пластилин сыяктуу ар кандай фигура жасап ойносо дагы болот экен. Балдарым топ кылып кечке чейин ойноп жүрүштү.

Сатып алган 30 жумурткадан 12-14 даана калган болчу. Баарын санитардык-эпидемиологиялык станциянын кызматкерлерине, журналисттерге таратып жибердим. Лабораториядан келгендер "көпкө туруп калгандыктан ушундай болуп жатска керек" дешти. Жумуртка көпкө туруп калган учурда тескерисинче суюк абалга келип, жыттанып кетет. Антип резина болуп калышы мүмкүн эмес.

Негизи видеону интернетке таратып жиберейин деген деле оюм жок болчу. Болгону туугандарыма "абайлагыла, ушундай жумурткалар пайда болуптур" деп эскертип коюу үчүн гана тарткам. Анан эле коомчулукка тарап кетиптир. Ал эми тиешелүү кызматкерлер ошол жумурткалардын кайдан чыкканын аныктап, тиешелүү чара көргөндүн ордуна видеону "фейк" деп атап, мени башкаларга атаандаштык кылуу, бизнесине тоскоол болуу үчүн ушул ишти жасаган болушу мүмкүн деп маек берип жатышат. Бүгүн да милиция кызматкерлери чалып, "видеону интернетке жарыялабай эле, тиешелүү органдарга берсең болбойт беле?" дешти.

Мындай кылган туура эмес да. Мен өзүм жумуртка алып-сатып иштесем бир жөн. Жүк ташуучу унаа айдап иштесем, анан кантип жумуртка саткандарга атаандаштык кылмак элем?" - деди Разаков.






"Ошто жасалма жумуртка сатылууда" дейт

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
19.02.2019. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эми мамлекет жасалма жумуртка менен шугулданган жарандарга катуу чара көрүш керек. Мамлекеттин кызыкчылыгы улуттун саламаттыгын коргоо болуш керек. Акчаны биринчи орунга эмес, улуттун тагдырын ойлошубуз керек. Улут жоголсо башка мамлекеттер басып кетет. Азыр Кыргызстанда боору ооругандар күчөдө. Бул нерсе эмнеден болуп жатат. Тамак аштын көзөмөлдүн жоктугу. Кытайлар Кыргызстанга көп нерсе алып келе берет мындайча айтканда проходный двор ал эми Кыргызстан Кытайга ошентип алып кирсинчи кыстырышат.
20.02.2019. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Erik2018, кыргызча кыйкыратко доске
19.02.2019. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Акчасын алып жеп койгондон кийин актаныш үчүн ар нерсени ойлоп табышат эми
19.02.2019. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эшшектер десе
19.02.2019. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Азаматсыз брат болгонун болгондой айткан сага рахмат буткул Кыргызстандын атынан оркундой бер особер бир нерсе болсо жазып кой биз сен мн....
19.02.2019. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кытайдын жасалма жумурткасы бир сом булар аны алты сомдон сатышат оорунун баары ушундан чыгат жумуртка жебей еле койгула айылдан тааныштардан туугандарыныздардан алып жениздер
19.02.2019. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мурда жумуртка эркектерге куч кубат берчу, азыр тескерисинче болуп бараткандай го.
19.02.2019. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эптеп болгон нерсени жокко чыгарып, чара коргулору келбей жатат.Элди алдагандарды Кудай жазасын берсин!!!
19.02.2019. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Атамбаевге шылтап койгула оной жолу ошол.
20.02.2019. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кытай алып келген доставшик Сапар Исаков деп жаап коюшат эми
20.02.2019. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой озубуздун мекенибизде неге озубузду ойлобой анан ушинтип эле фейк кыла коюшат. Адамдар мне гана болуп баратышат
20.02.2019. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен дагы 15 даана жумуртка Ош шаарындагы магазинден алдым. 5 даанасын сууга бышырып жегени жатканда балдарым жумуртканын сарысы башкача экенин айтышып, ошол резина ондонгон, жеген жокпуз. Учоон чагып корсок сарысы таптакыр башкача экен. Калганы турат . Бул калп айтылган жок Ош шаарында ошондой жумурткалар сатылды же дагы деле сатылып жаткандыр балким. Мен ошондон бери жумуртка ала элекмин коркуп. Кантип элди ойлобой ушундай бизнес жасашат тушунуксуз.
Sayragul түзөттү 2019-02-20 17:35:22
23.02.2019. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атаандаштык кылуу, кимдир бирөөнүн заказы дешет. Заказ, атаандаштык болсо бул видое өздөрүнө да таасир этмек да. Же паланча фирманын, паланча райондо өндүрүлгөн деп атса бир жөн. Барсак Урмат деген жигит ошол жумурткаларды көрсөтө албады деп коюшат. Камерага тартып албайт белеңер көрсөтө албайм деген болсо. Күйдүрөт да текшерүүчү болмуштар.
24.02.2019. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул баланы мен лично тааныйм. Андай жалган маалымат тарата турган бала эмес. Чындыкты эле айтып жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: