super.kg logo
  Саясат  

Жарандык активист Адил Турдукулов: "ЖЭБ боюнча чечимди кабыл алган парламенттин моралдык жоопкерчилиги бар"

 

Өткөн аптада Жогорку Кеңеште Бишкек ЖЭБиндеги маселе тууралуу маалымат уктурулуп, анда депутат Ирина Карамушкина келишимди колдоп берген тармактык комитеттердин жоопкерчилиги тууралуу сөз кылган. "Биз парламенттик өлкөбүз, ратификациялар жана макулдашуулар боюнча негизги чечимдерди парламент чечет. Эмне себептен профилдик комитеттердин төрагалары, депутаттары, пайдасыз келишимди кабыл алууну айткан төрага жоопкерчиликке тартылган жок?" - деген суроо салган.

Буга ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы, азыркы депутат Асылбек Жээнбеков парламент жакшы ой менен чечим кабыл аларын жооп кылган болчу. Өткөн жылы ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсыктан кийин экс-президент Алмазбек Атамбаев тараткан билдирүүсүндө да ушундай эле ойду айткан.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Экс-спикер Асылбек Жээнбеков Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча макулдашууну парламент жакшы ойдо кабыл алганын айтты. Ушундай эле ойду экс-президент да билдирген. Бийликтегилер жакшы ойдо жасаса, анда күнөөлүү ким болуп калат?" деген собол салды.

Жарандык активист Адил Турдукулов бул мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун күнөөсү экенин айтты.
"Сапар Исаков тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси болуп туруп өзүнүн укугунан четтеп, ашыкча пайдаланды. Бул жакка ТBEAны алып келип лобби жасаганы, өкмөттүн ишине кийлигишүү менен кандайдыр бир өзүнүн кызыкчылыгын көздөдү. Ошондой эле өлкөнүн кызыкчылыгына дал келбеген долбоорду Кыргыз мамлекетине алып келди. Бул мурдагы бийликтин башкы жоопкерчилиги болуп саналат. Учурда камакта жаткан адамдардын дагы күнөөлөрү бар. Ал эми парламентте отурган депутаттар дыкат карабай, Ак Үйдүн буйругун аткарып, чечим чыгарганы үчүн моралдык жоопкерчилиги бар деп эсептейм", - деди Турдукулов.
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев, юрист Нурбек Токтакунов, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков, укук коргоочу Рита Карасартова, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаевдин пикири бул шилтемеде.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: