Свердлов районунун акими мектеп директорлору ага белек берүү үчүн миң сомдон акча чогултуп жатышканын алдын ала билген
Бүгүн, 19-февралда интернетке Свердлов районунун акими болуп жаңы дайындалган Мурат Осмоновго белек берүү үчүн район аймагындагы мектеп директорлору акча чогултушканы жарыяланган.
Аталган билдирүүдөн көп өтпөй Мурат Осмонов мектеп директорлорун чогултуп жыйын өткөргөнүн Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
Осмонов жыйында мектеп директорлору ага белек берүү үчүн миң сомдон акча чогултуп жатышканын алдын ала билгенин айтты.
"Сиздер келерден бир күн мурун мага "мектеп директорлору жаңы акимди куттуктоо үчүн миң сомдон чогултуп жатышат" деген маалымат жеткен. Муну уккандан кийин ошол күнү кечинде уктай албай чыктым. Эртеси жумушка келип эле катчыма мектеп директорлору келсе киргизбөө боюнча тапшырма бердим. Андан кийин эле орун басарым кирип куттуктап коюуга мүмкүнбү деп сурады. Дароо бул маселе мени менен макулдашылбай болуп жатканына кыжырландым. Чынында өзүмө ыңгайсыздык жаралды. Ошол учурда сиздер кабылдамада туруптурсуздар. Мен орун басарыма белек албай турганымды айттым. Ансыз деле мен мурунку жумуштарымда дагы эч качан мындай белектерди албаганымды баары билет. Өзүмдүкү өзүмө жетет. Акча сунуштоо мени басынтат. Бирок орун басарым эч кандай акча каражаты жок экенин, жөн гана калем жана кагаздарды салуу үчүн жумуш столдун үстүнө коюлган буюм алып келгениңиздерди айтты. Мен чакан эле болсо керек десем, чоң экен", - деди Осмонов.
Район башчысы мектеп директорлорунун алып келген белегин акимчиликтин балансына өткөргөнүн, бул аракети үчүн мугалимдерге эскертүү бергенин кошумчалады.
Мурат Осмонов аталган кызматка шаар башчысы Азиз Суракматовдун буйругу менен 21-январда дайындалган.





1 |