super.kg logo

Айыл чарба министрлиги дыйкандарга сууну колдонуунун жаңы ыкмалары үйрөтүлүп жатканын айтты

 

"Жазгы талаа иштери башталууда. Кыргыз мамлекетинде ирригация маселеси орчундуу болуп жатат". Мындай пикирин бүгүн, 20-февралда парламенттин жалпы жыйынында депутат Айнура Осмонова билдирди.

Ал дыйкандарга сууну колдонуунун жаңы ыкмалары үйрөтүлүп жатабы деген суроо узатты.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев Кыргыз мамлекети суунун башында турса да сууну үнөмдөө жолу каралып жатканын айтты.

"Биз суунун башында турсак да сууну үнөмдөп жатабыз. Ошол себептен тамчылатып сугарууну киргизүүдөбүз. Бул жаңы инновация болуп эсептелет. Ошондой эле Германиянын жаадырып сугаруу ыкмасын колдонуп жатабыз. Бирок дыйкандардын басымдуу бөлүгү жайып сугаруу менен колдонгонго көнүп калышыптыр. Аларды акырындык менен тамчылатып сугарууга үйрөтүүдөбүз", - деди Керималиев.

Мындан тышкары Осмонова Кыргыз мамлекетинин жашоочуларынын 65-70 пайызы айыл аймактарда жашай турганын айтып, аларга суу маселесин убагында чечип берүүнү колго алуу керектигин Айыл чарба министрлигине эскертти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: