super.kg logo

ЭЛДИК ВИДЕО: "Кубанычтын көз жашы. Эркиндикке чыккан Чыңгыз Анарбек уулун жакындары тосуп алды"

 

SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Москвада унаасы менен элди сүзүп алган Чыңгыз Анарбек уулу эркиндикке чыкты" деген видео жүктөлдү.

Ал видеодон айдоочуну жакын адамдары жылуу тосуп алганын көрүүгө болот. Башына түшкөн сыноо, анын артта калганына кубанган таксист жакындарынын жанында эрксизден көзүнө жаш алды. Достору аны колдоп, жанындагылардын да кубангандан ыйлаганын көрүүгө болот.

Интертентке тарап жаткан бул видеону көргөндөр Анарбек уулуна мындан ары бөөдө кырсыктан алыс болсун деген тилектерин билдиришүүдө.

Чыңгыз Анарбек уулу 19-февралда эркиндикке чыкканы маалымдалган. Ал 2018-жылы 16-июнь күнү Москванын борбордук көчөлөрүнүн биринде мексикалык футбол күйөрмандарын сүзүп кеткен. Кырсыктан 8 киши жаракат алган. Айдоочу полиция кызматкерлерине сурак берип жатканда күнү-түнү иштеп уктабагандыктан жолдо уктап кеткенин айткан.

Факты боюнча кылмыш иши козголуп, Анарбек уулу тергөө абагына камакка алынган болчу. Москва шаарынын Тверь райондук соту Анарбек уулун 1 жыл 6 айга кара жумушка тартууну чечсе, Смоленск облустук соту аны мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча чечим чыгарган.






Москвада жөө жүрүүчүлөрдү сүзүп кеткен Чыңгыз Анарбек уулу эркиндикке чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(5)
Медиа-портал
20.02.2019. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КУДАЙ сактасын ар бир адамда мындай иш болуп кетиши мумкун озунду абайла эми брат ата эненди семьяндын жанында бол.
Медиа-портал
20.02.2019. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир видеону коруштун озу проблема болдуго супер инфо Кайра Кайра реклама берип видеону ачпайт болбосо алып салгыла рекламаны!
Медиа-портал
20.02.2019. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Povetkin,Ошо зб болду Магада.
Медиа-портал
20.02.2019. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайга шугур, суйунуп калдым аман эсен бол.
20.02.2019. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынгыз Кыргызстанга эле баса бер Аман болсоң биз сыяктуу күнүмдүк жашооң өтө берет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: