Жалал-Абад ОИИБи: "Колуна чынжыр салынып, бут кийимсиз көчөдө жүргөн өспүрүм кыздын жашоо шарты оор, ал буга чейин да үйүнөн качкан"
Жалал-Абад шаарында колуна чынжыр салынып, байпакчан жүргөн өспүрүм кыз буга чейин да үйүнөн качкан. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаардык автобекетте бут кийимсиз, колундагы чынжыр менен жүргөн кыз балдар үйүнө жеткирилген.
"Бизге берилген маалыматтар боюнча, өспүрүм кыз буга чейин да үйүнөн 2 жолу качып, кайра кайтарылган. Качып кеткенин апасына анын курбусу билдирген.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кыздын жана анын апасынын жашоо шарты өтө начар экени аныкталган. Кыздын апасы оор жумуштарда иштегени да аныкталды. Кыз шаардагы мектептердин биринде 9-класста окуйт, ден соолугу жакшы, акыл-эси жайында. Учурда бул иш боюнча шаардык социалдык коргоо башкармалыгы жана балдарды коргоо бөлүмү иш алып барууда", - деп билдиришти милициядан.
Кечээ байпакчан, колуна чынжыр тагылган кыз ыйлап жаткан видео тараган. Кийин кыздын ата-энеси ал 6 айлык кезинде ажырашып кеткени жана аны апасы жалгыз тарбиялап келгени белгилүү болгон.
Жалал-Абадда колуна чынжыр салынып, жылаңайлак жүргөн өспүрүм кыз



1 |