Парламентте өнөр жай ишканаларынан сууга товар катары акы алууга багытталган мыйзам долбоору каралды
Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеӊештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору (Суу кодекси, "Суу жөнүндө" мыйзам) 3-окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди.
Жыйында мыйзам долбоору боюнча Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Алмазбек Акматов баяндама жасады.
Мыйзам долбоору боюнча эл өкүлдөрүнүн суроолоруна айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев жана Суу чарба департаментинин өкүлдөрү жооп беришти.
Анда суу ресурстарын пайдалануу үчүн акы белгилөө жана алуу тартиби, суу пайдалануучуларга жеӊилдиктерди берүү тууралуу маселелер каралды.
Мындан сырткары жер үстүндөгү сууларды пайдалануу үчүн акы төлөөдөн төмөнкү учурларда бошотулат: кайра жаралуучу энергияны кошкондо, сууну электр энергиясын иштеп чыгарууга пайдаланууда, балык өстүрүүдө, калктын ичүү керектөөлөрү үчүн суу алууда, спорт, эс алууда.
Өткөн талкууларда суу боюнча 2 төлөм аныкталган. Алардын бири - суу ресурсуна болгон төлөм, экинчиси – суу жеткирүү кызмат көрсөтүүсү үчүн төлөм болору такталган. Тагыраак айтканда, суу өнөр жай тармагына пайдаланылган учурларда суудан товар катары акы алынат. Ал эми тургундар суу акысын төлөшпөйт, бирок аракеттеги мыйзамда белгиленгендей, сууну жеткирүүдөгү кызмат көрсөтүүгө акы төлөйт.

