Токмок шаардык мэриясынын жооптуу кызматкери бирөөгө мыйзамсыз түрдө бала бакчанын имаратын берип жиберген
Токмок шаардык прокуратурасы шаардык мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын жооптуу кызматкерине кылмыш ишин козгоду. Ал шаардагы бала бакчанын имаратын бирөөгө мыйзамсыз берип жибергендиги үчүн "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыпталып жатат. Башкы прокуратуранын билдиришинче, жооптуу кызматкер имаратты өткөрүп берүүдө ижарага берилгендиги тууралуу эч кандай келишим түзгөн эмес. 2012-жылдын октябрь айында Ы.Р. аттуу адамга берилген имараттын аянты 150 чарчы метрди түзөт. Териштирүүдө бала бакчанын былтыркы жылдан 2013-жылдын июль айына чейинки ижара акысы 56 250 сомду түзөрү аныкталды. Факты тийиштүү орган тарабынан иликтенүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Xamer

24.07.2013. 13:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоопко тартыш керек, эмнеге балабакча жетпей жатса имаратын ижарага берет!!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.