Парламентте Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын өлгөн адамдарга да берүү тууралуу мыйзам долбоору сунушталууда
Жогорку Кеңеште бүгүн, 20-февралда "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Аталган мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Мирлан Бакиров "чындыгында эле өмүрүндө көптөгөн көрүнүктүү иштерди жасап, өзүнүн эмгеги менен элдин сый-урматына арзыган Султан Ибраимов сындуу бир катар ири мамлекеттик ишмерлер бар. Мындай инсандарга Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын берүү керек. Алардын даңазалуу ысымдары элдин эсинде ар дайым сакталып калат. Ошондон улам мыйзамдын 18-беренесине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси сунушталып жатат", - деген пикирин билдирди.
Ушу тапта 24 Кыргыз Республикасынын Баатыры бар. Эгерде мындай наам ыйгарылган адам иштесе, анын эмгек акысына 100 пайыз кошулат, ал эми пенсиядагы адамдарга андай жеӊилдиктер каралган эмес.
Мыйзамга ылайык, бул наам өлгөн адамдарга ыйгарылбайт. Ошондуктан депутаттар тобу мыйзамга көзү өткөн айрым мамлекеттик ишмерлерге да ушул наамды ыйгаруу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүүдө.

