super.kg logo

Талас шаарынын мэри: "Шаардык кеңештеги депутаттардын мени иштен алуу аракети ишке ашпай калды"

 

Талас шаардык кеңешинин депутаттары бүгүн, 20-февралда кезексиз жыйынга чогулуп, шаар мэри Айдар Жусупбековду жумуштан алуу маселесин карашты.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында мэр кызмат ордунда калды. Маалыматты шаар мэри SUPER.KG'ге өзү тастыктады.

Анын айтымында, жыйынга жалпы 28 депутат катышып, 18и Жусупбековду жумуштан алууга макул деп добуш берсе, 9у каршы добуш берген. Ал эми бир депутаттын добушу жараксыз болуп калды.

"Шаардык кеңештин айрым депутаттары мага ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрүп, бир нече ирет жыйынга чогулууга аракет кылып келишкен. Бирок кворум жок болуп калып эле маселени карай албай жүрүшкөн. Акыры өзүм да "жумуштан кетирсеңер кетирип, расмий токтом менен бекитип бергиле" деп кайрылгам. Бүгүн 28 депутат жыйынга чогулуп маселени добушка коюшту. Анын 18и мени жумуштан алууга макул болуп, 9у каршы чыкты. Бир депутаттын берген добушу жараксыз болуп калды. Ал эми жыйынга үч депутат келбей калган. Ал үчөө тең мени колдогон депутаттар. Ошентип жумуштан кетпей калдым", - деди Жусупбеков.

Айдар Жусупбеков Талас шаарынын мэри болуп 2017-жылдын март айында жалпы 31 депутаттын 25инин колдоосу менен келген. Ага чейин шаардык кеңешке 3 ирет депутат болуп шайланса, 2 ирет ага төрага болуп иштеген.

Талас шаардык кеңешинде КСДП (10 депутат), "Республика-Ата Журт" (10 депутат), "Кыргызстан" (5 депутат), "Ай-Көл" (3 депутат) жана "Мекеним Кыргызстан" (3 депутат) фракциясы бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: