super.kg logo
  Саясат  

Бишкек шаардык мэриясында 9 жыл вице-мэр болуп иштеген Бакыт Дүйшөмбиев кызматтан бошотулду

 

Бишкек шаарынын вице-мэри Бакыт Дүйшөмбиев кызматтан бошотулду. Мэриянын бүгүн, 20-февралдагы маалыматына ылайык, ал аталган кызматта 2010-жылдын апрель айынан тартып иштеп келген.

"Дүйшөмбиев мэриянын шаар куруу жана архитектура тармагын жетектеп келген. Ал вице-мэр кызматынан бошотулуп, "Бишкек суу канал" ишканасына директор болуп дайындалды. Тиешелүү буйруктарга мэр Азиз Суракматов кол койду. Аталган ишкананын мурдагы башчысы Асылбек Исаев өз каалоосу менен жумуштан кетүү тууралуу арызын жазган", - деп айтылат маалыматта.

Анда белгиленгендей, Дүйшөмбиевдин ордуна азырынча Турак жай жана коммуналдык чарба боюнча вице-мэр Рыспек Сарпашов иштеп турат.

Бакыт Дүйшөмбиев 47 жашта. Ал Айыл чарба институтунан кийин Кыргыз улуттук университетинен билим алган. Аспирантураны Улуттук илимдер академиясынын экономика жана саясат таануу багытында аяктаган.

Эмгек жолу:

1994-1997-жылдары - "Азия" Акционердик коомунда кызматкер, директордун орун басары;

1997-2001-жылдары - "Мээнет-Сервис" мамлекеттик ишканасынын директору;

2001-2002-жылдары - "Пак-Пен" АКсында коммерциялык директор;

2002-2004-жылдары - Алматы шаарындагы "Тамшылар" ишканасынын башкы директору;

2003-2004-жылдары - "Манас" аэропортунун директорлор кеңешинин мүчөсү;

2004-2005-жылдары - Бишкек шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгынын башчысынын орун басары;

2005-жылдын апрелинен октябрь айына чейин - Бишкек шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгынын башчысы;

2005-2008-жылдары - Бишкек шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгынын башчысынын орун басары;

2008-2009-жылдары - Бишкек шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгынын башчысы;

2009-2010-жылдары - Кадастр жана кыймылсыз мүлккө карата укуктарды каттоо департаментинин директору;

2010-2019-жылдары - Бишкек шаарынын вице-мэри.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: