super.kg logo

Жалал-Абадда колуна чынжыр байланган кыз апасы менен бирге жашоодон баш тартканы үчүн 6 ай бою калыбына келтирүү борборунда болот

 

Жалал-Абадда колуна чынжыр байланган кыз апасы менен бирге жашоодон баш тартканы үчүн 6 ай бою калыбына келтирүү борборунда болот. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Жалал-Абад шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын жетекчиси Сабина Токобаева кабарлады.

Анын айтымында, бул аралыкта кызды апасы менен жолугуштуруп ортосунда мамилени жакшы жакка буруу аракети жасалат.

"Кыз апасы менен бирге жашоодон баш тартып койду. Ошондуктан 6 ай бою "Ак-жол" борборунда болот. Экөөнүн мамилеси жакшыргандан кийин кызды өз апасына беребиз. Ал аялдын мындан башка дагы бир кызы бар. Ал учурда Бишкекте иштейт экен", - деди Токобаева.

Айрым маалыматтарга караганда, кыздын ата-энеси ал 6 айлык ымыркай кезинде эле ажырашып кетишкен. Учурда атасы Базар-Коргон районунда мал багып иштейт.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

19-февралда байпакчан, колуна чынжыр тагылган кыз ыйлап жаткан видео тараган. Кийин кыздын ата-энеси ал 6 айлык кезинде ажырашып кеткени жана аны апасы жалгыз тарбиялап келгени белгилүү болгон. Кийин өспүрүм кыз буга чейин да үйүнөн 2 жолу качып, кайра кайтарылганы белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.02.2019. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апакеңди азапка салба.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: