super.kg logo

Алайдын тургуну өзү казып жаткан кудукка түшүп кетти

 

Ош облусунун Алай районунун тургуну өзү казып жаткан кудукка түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-февраль күнү саат 11:54 чамасында Гүлчө айылынын Бубаев көчөсүндөгү турак үйдүн короосунда Алай районунун Будалык айылынын 40 жаштагы тургуну кудук казып жатып кудукка түшүп кеткен.

Кырсык болгон жерге куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу жана фельдшер барышкан.

Жабырлануучу 4 метр тереңдикте казылган кудукка түшүп, үстүн шагыл басып калган. Кудуктун ичи тар болгондуктан бир куткаруучу ичине түшүп, жабырлануучунун үстүн басып калган кум-шагылды чака менен сыртка алып чыгышып тазалашкан. Саат 15:36да куткаруучулар куткаруучу шаймандар менен кудуктун ичиндеги адамды сыртка чыгарышып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Кудукка түшүп кеткен жарандын абалы туруктуу.






Алайдын тургуну өзү казып жаткан кудукка түшүп кетти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
21.02.2019. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактаптыр. Эми кичине внимательныйраак болуп жур
21.02.2019. 04:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактаптыр 2017 жылы да Алайлык жердеш Бишкекте уйундо кудук казып озу тушуп кетип отуп кеткен. Ажал ар кандай себеп болот экен дааа. Жакшы аман калыптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: