super.kg logo

Тигүү цехинин ээси Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкери андан 15 миң сом пара алганын айтууда

 

Бишкектеги тигүү цехинин ээси Ж.Зулай Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкери андан 15 миң сом пара алганын айтууда. Зулайдын SUPER.KG'ге билдиришинче, 15 миң сомду кызматкер тигүү цехинин эшигин ачып, ишин улантуусуна уруксат бергени үчүн алган.

"Биздин тигүү цехибиздин жанында Вьетнам жаранынын "Данты" деп аталган тигүү цехи бар. Ал жерде иштеген төрт Вьетнам жараны эки ай мурун мага кайрылып жардам сураган. Тактап айтканда, цехтин ээси аларды эки жыл мурун алып келип иштетип жүрүптүр. Мага келген төрт адам "аэропортко келгенде эле паспортторубузду алып, үч миң доллардан карыз кылып коюп иштетип жүрөт. Азыр кайра кете албай жатабыз жардам бериңиздерчи" деп кайрылган. Ошентип 2 айдан бери алардын курсагын тойгузуп, убактылуу жашап турууга шарт түзүп бергем. Бирок "Данты" цехинин ээси менин жумушчуларымды тартып алды деген негизде укук коргоо органдарына арыз менен кайрылыптыр.

Кечээ Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери биздин цехтин эшигин тээп кирип тинтүүгө алышты. Башкача айтканда, кылмышкерди кармоого келгендей тинтүүгө алышты. Жыйынтыгында төрт вьетнамдыкты иштетип жатасың деп 30 миң сом айып салып, цехтин эшигин жаап салышты. "Мен вьетнамдыктарды иштеткен эмесмин, цехти ачып бергиле" деп талап кылсам, 15 миң сом сурашты, бердим. Бирок 30 миң сом айып пул боюнча документтер сотко жиберилет экен. Тактап айтканда, аны да төлөп беришим керек экен. Менин таң калганым, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкеринин "Данты" цехинин ээсинен коркуп жатканы болуп жатат. Себеби "менин цехимди 5 күнгө чейин жаап салып жатасыңар?" десем, "Данты" цехинин ээси кайра биздин үстүбүздөн арыз жазып, биз жумуштан айдалабыз" деп жооп беришти", - деди Ж.Зулай.

Аталган маселе боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына да кайрылдык. Мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискур тигүү цехиндеги маселенин үстүнөн аталган мекеме иш алып барганын, тактап чыгып толук маалымат бере турганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: