Индияда 4 кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 41 адам каза болду
Индияда 4 кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 41 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кырсык Бангладештин Дакка аймагында жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:30 чамасында орун алган. Өрт чыккан үйдө адамдар жашаган, ошондой эле бул имарат химиялык кампа катары да колдонулуп келгени маалым. Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, өрттүн келип чыгуусуна газ балон себеп болушу мүмкүн.
Бангладештин өрт кызматынын жетекчиси Али Ахмед кырсыктын кесепетинен 41 адам каза болгонун жана алардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
Chungyz

21.02.2019. 12:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бечаралар
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.