Бишкекте үйдүн 6-кабатынан секирген кыз эсине келди, бирок абалы оор
Бишкек шаарынын Туңгуч кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан секирген кыз эсине келди. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда SUPER.KG'ге Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.
"Кыздын абалы оор бойдон калууда. Ал денесинен жана ички органдарынан көптөгөн жаракаттарды алган. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө", - дейт Айгерчинова.
Кечээ, 20-февралда саат 14:00дөр чамасында Туңгучтагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 6-кабаттан 18 жаштагы кыз өмүрүн кыюуга аракет кылып, боюн таштаган. Аны милиция кызматкерлери килем менен тосуп аман алып калышкан. Кыз куткаруучулардын жана ылдый жактагы адамдардын суранычына көңүл бурган эмес.
Көп кабатуу үйдөн секирген кыз
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

ишенгенда болбосо башында секирип кетмек милицияларга рахмат атайын жабдык жок болсода килем менен тосуптур зейниң кейийтда жалакалса куткаруучу марастар жок бизде башканы койуп