super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы өзбекстандык ММКлардан жалган маалымат таратпоону суранды

 
Бүгүн, 24-июлда Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Жалал-Абад облусунда болгон атышуу тууралуу Өзбекстандын массалык маалымат каражаттары такталбаган, жалган маалыматтарды таратып жаткандыгын билдирди. “Иликтөөнүн жыйынтыгы чыга электе эле өзбек тарап кыргызстандык чек арачыларды күнөөлөгөн маалыматтарды таратууда. Ошондой эле кыргыз-өзбек чек ара кызматтары 23-июлда болгон окуяны иликтеп жаткандыгы тууралуу маалыматтарды бурмалап берүүдө. Өзбекстандын ММКларынын мындай иш-аракеттери окуяны объективдүү иликтөөгө терс таасирин тийгизип жатат. Буга байланыштуу териштирүү иштери бүткүчө жаңжал тууралуу жалган маалыматты таратпоону өзбек тараптан суранат”,- деп жазылган билдирүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: