super.kg logo
  Саясат  

“Замандаш” ассоциациясынын 10 жылдык мааракеси белгиленет. Ага дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн өкүлдөр катышат

 

15-августта Бишкектеги Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында “Замандаш” ассоциациясынын 10 жылдык мааракесинин салтанаттуу ачылышы болот. Иш-чарага Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Ооганстан, Тажикстан, Улуу Британия, Кытай, АКШ, Түркия, Түштүк Корея, Испания, Малайзия, Канада, Польша, Чехия, Иран, Италия, Египет, Германия, Япония сыяктуу дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн 300дөн ашуун делегат, коомдук жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат. Мындан сырткары президенттик аппараттын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, коомдук ишмерлер, дипломатиялык корпустарынын, консулдук мекемелердин өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө. Келген коноктор өлкөнүн алдынкы искусство чеберлеринин концерттик программасына күбө болушат. Мааракенин уландысы 16-августта Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий борборунда өтүп, ассоциациянын мүчөлөрүнүн жана диаспора уюмдарынын ишмердүүлүгүнө арналган атайын программа уюштурулат. Иш-чара 17-августка чейин созулуп, акыркы күнүндө Чолпон-Ата шаарындагы Көлбаев атындагы ипподромдо ат оюндары менен улуттук  оюндар орун алат. 10 жылдыкка арналган жалпы байге фонду 1 миллион сом экендиги белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: