super.kg logo
  Саясат  

Социалдык иликтөө: КСДПнын рейтинги төмөндөп, "Бүтүн Кыргызстандын" рейтинги өскөнү жарыяланды

 

КСДП партиясына болгон элдин ишеними төмөндөдү. Мындай абал Эл аралык республикалык институттун буюртмасы менен жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында белгилүү болду.

Коммерциялык эмес IRI уюму социалдык иликтөөнү 2018-жылы жүргүзүп, ага катышкандарга "эгер жакын арада парламенттик шайлоо өтсө кайсы саясий партияга добуш бермексиз?" деген суроо салышкан.

Сурамжылоого катышкандардын:

18 пайызы КСДПга добуш бермекмин деп жооп берген.

"Республика" партиясына добуш берем дегендер суралгандардын 9 пайызын түзсө,

"Ата Журт" партиясына добуш берем дегендер суралгандардын 8 пайызын,

"Бүтүн Кыргызстан" партиясын иликтөөгө катышкандардын 7 пайызы колдоорун айткан.

Андан кийинки сапта: "Ата Мекен" партиясына 6 пайыз, "Өнүгүү-Прогресс" 3 пайыз, "Кыргызстан", "Бир бол" партияларына 2 пайыз добуш, "Замандашка" 1 пайыз добуш бериле турганы белгилүү болгон.

Ушул эле уюмдун 2015-жылы жүргүзгөн сурамжылоосунда:

КСДП - 22 пайыз,

"Республика-Ата Журт" - 14 пайыз, (Анда эки партия бириккен) добуш алышкан.

4 жыл мурун жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы менен бул сурамжылоонун жыйынтыгын салыштырганда КСДП эл ишениминен 4 пайызга төмөн түшсө, "Бүтүн Кыргызстан" партиясына болгон ишеним 3 пайыздан 7 пайызга жогорулаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: