super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Өзгөн бүгүн башкача, өзгө учурдан таптаза. Анткени президент келди"

 

"Бүгүн, 21-февраль. Өзгөн шаары башка учурдагыдан такыр бөтөнчө. Таза, жол жээктеринде баш аламан токтоп турган унаалар жок. Анткени президент келиптир". Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирип, видео жөнөттү.

"Аймактарга атка минерлер келгенде гана жолдор тазаланып, шыпырып-жуулуп, кадам сайын милиция туруп калат. Башка учурларда баягы эле баш аламан жашоо. Мисалы, Өзгөн шаарынын борбордук көчөлөрү бүгүн адаттагыдан башкача. Жол жээктеринде эки катар болуп токтогон унаалар жок. Кадам сайын милиция кызматкерлери. Жааган карды таң эрте сүрдүрүп тазалап коюшкан. Жолду каалашынча кесип өтө берген жөө жүргүнчүнүн баарын милиция көзөмөлдөп турат. Ушул жолдор аркылуу президент бүгүн Сузак районуна иш сапары менен өтүп кетти. Бул бүгүнкү эле көрүнүш эмес. Мисалы, министрлер, жогорку кызматта отурган атка минерлер келгенде, жада калса Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков өзү туулуп өскөн жерине келерде да Өзгөн тазаланып калат", - дейт окурман.

Ал жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу структуралары же жергиликтүү бийликтегилер чоңдор келүүсүнөн көз карандысыз эле дайыма ушундай иштерди жасап турса болбойбу деген ойдо.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Президент келет деп Өзгөндө бүгүн тартип күч

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
21.02.2019. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жаандын жаап жатканына карабай түнкү саат 10 до грейдер менен жолдорду сүрүп тупрак менен толтурулуп жүргөн экен ииии Ноокаттын жолдору жаман болуп кетти эле элди аяп түндү түн дебей иштеп жаткан экен деп өтүп кеттим эле. Эрте менен эле Соке келет деп иттер ызылдап баштады эле ээээ башыңарга коттоорулуп таш тийсин дедим. К..кө тукум келгенде жагынып иштешип жаткан экенда
21.02.2019. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жолду тазалап, жолду ачып койгула. Улуу урматтуу Кара Кулжалыктар келатат!!!
21.02.2019. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Дайыма ушинтип таптаза болуп турсун .Озгон шаары
21.02.2019. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Озгонду эми коруп жаткансып,президент ушул жол мн эле Кара-Кулжага каттап жургон.Ой ичииим))))
21.02.2019. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
BarsBaatyr, адепке туура келбеген ар түрдүү шектүү билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган! БАН!
21.02.2019. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бийликке жагынуунун ото онуккон туру да!
21.02.2019. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кече биздин райондо да ушундай корунуш болгон.Капа болбой эле кой автор
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: