super.kg logo

Атасын өлтүрүп, үйүнүн короосуна көмүп койгон 26 жаштагы жаран 15 жылга кесилди. Маркум 3 жыл бою милиция кызматкерлери тарабынан изделген

 

Атасын өлтүрүп, үйүнүн короосуна көмүп койгон 26 жаштагы жаран 15 жылга эркинен ажыратылды. Маркум 3 жыл бою дайынсыз болуп милиция кызматкерлери тарабынан изделген.

Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда SUPER.KG порталына Чүй облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2015-жылы 1966-жылы туулган Данияр.Д. аттуу жаран жоголуп кеткен. Анын дайынсыз болуп жатканын алгач кошуналары айтып, кийин туугандары арыз менен милицияга кайрылышкан. Маркум менен чогуу жашаган Карим аттуу уулу атасы күтүүсүздөн Орусияга кетип калганын билдирген. Бул убакыт аралыгында Карим да Орусияга кетип калууга үлгүргөн.

Данияр.Д. 3 жыл бою издөөдө жүргөн. Кийин милицияга дайынсыз жоголгон адамдын бир тууганы кайрылып, аны менен уулунун мамилеси начар болгонун жана ал аны өлтүрүп коюшу мүмкүн деп билдирген. Ошондой эле ал тууганын үйүнүн короосунда үстү таштандылар менен толтурулган чуңкур пайда болгонун айтып, аны текшерүүнү өтүнгөн. Ал чуңкур казылып, бирок эч нерсе табылган эмес.

2018-жылы 24-май күнү маркумдун тууганы ал үйгө барып ошол эле чуңкурду кайра казып баштаган. 1 метрден ашыгыраак тереңдиктен кишинин сөөгүн таап, кийим-кечесинин калдыктарынан, тиштеринен жана уюлдук телефонунан улам дайынсыз жоголгон тууганын тааныган. Кийин белгилүү болгондой, милиция кызматкерлери маркумдун сөөгү табылган чуңкурду 30 сантиметрдей эле тереңдикке чейин казганы аныкталган. Ал эми маркумдун сөөгү 1 метр 20 сантиметр тереңдикке көмүлгөн. Кылмышка шектүү катары маркумдун уулу атасын өлтүргөндөр табылды деген шылтоо менен чакыртылып, колго түшүрүлгөн.

"Бул кылмыш ишин Чүй облусунун Москва райондук соту карап чыгып, 2019-жылдын 13-февралында өкүм чыгарды. Анда атасын өлтүрүүгө айыпталган 26 жаштагы Карим аттуу жарандын күнөөсү толугу менен далилденгенине байланыштуу сот аны 15 жылга эркинен ажыратты", - деп билдирди Чүй облусттук сотунун басма сөз катчысы Байыш Байгазинов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
21.02.2019. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мындай ит экенинди билгенде, кучук кезинде эле жок кылмак экен.
21.02.2019. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
15жылга камагандан коро ошол чункурга эле коомп койсо.
21.02.2019. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
балким ал өлтүргөн эместир,күч органдары таппай,өзүнүн тууганы тапканы кызык болуп атат,ошол эле чуңкурдан
22.02.2019. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Может Тууганы олтуруп баласына куноо тагып атат ал эгер олтургон болсо чакырса келмек эмес да
22.02.2019. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баласы эмес, тууганы шек жаратат го негедир.
Aibyikem түзөттү 2019-02-22 13:49:53
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: