super.kg logo

Депутат чет элдик номердеги унаалар жол эрежесин бузса кантип айып пул салына турганын сурады

 

Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров чет элдик номердеги унаалар жол эрежесин бузса кантип айып пул салына турганын сурады.

"Коопсуз шаар" долбоору ишке ашканына 10 күн болду. Бул аралыкта жетишкендиктер жана кемчиликтер чыгып жатат. Бишкек шаары кыйла иретке келип калды. Чет элдик номердеги унаалар жол эрежесин бузса кантип айып пул салынат? Биздин жарандарга айып пул салынып, чет мамлекеттен келгендерге салынбайбы?" - дейт депутат.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов бул көйгөйлүү маселе экенин билдирди. Анын айтымында, бул маселе жакын арада чечилип, Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте иш алып бара турганын белгиледи.

Жыйында "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
21.02.2019. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чет элден келген машина чек арадан өтөт ошондо эле регистрация болуш керек да ким айдап кирди өкмөт ушуну эми араң көйгөйлүү маселе деп жатса такыр эле даярдыгы жок киргизген долбоор экен да уят уят сөз жок аман эле болгула.
21.02.2019. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эч кандай айып сала алышпайт себеби бул нерсе москвада да бар канчалаган кыргыз номерлуу машиналар журот эч кандай айып пул толошпойт
22.02.2019. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kazakov1991,туура айтасын тууган.Бизде да Красноярскийде автобустун линиясына тушуп алып 80 ден тушпой жургон кыргыз номерлуу туугандарым коп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: