super.kg logo

Ошто 2 кызын батирге кароосуз калтырып кеткен келиндин окуясы. Турмушка чыгып кеткен эне кыздарынан кабар ала элек

 

Ош шаарында ижарага алып жашап жаткан батирине эки кичинекей кызын кароосуз калтырып, турмушка чыгып кеткен келин кыздарынан кабар ала элек. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда SUPER.KG'ге Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева билдирди.

“Биз кыздарды балдардын реабилитациялык-адистештирилген борборуна алып кеткенден кийин кыздардын энесимин деп келип кабар алып кеткен. Ал 1-февраль күнү болгон, анда ал аялдын катышуусунда бул ишти атайын комиссия карап чыгып, кыздарды кайтарып бербөө чечимин кабыл алган. Өзүн Нарпажихон деп тааныштырган 31 жаштагы аял ошол бойдон келип кабар алган жок.

Кыздардын энеси улуу кызын 2012-жылы Оштогу төрөт үйүндө төрөгөм деп айткан, бул боюнча биз төрөт үйүндөгү документтерди караттырдык. Бирок ал жактан бул келинге тиешелүү эч кандай документтер табылган жок. 2017-жылы туулган кичүү кызынын да эч кандай документтери жок экен.

Учурда 6 жана 2 жаштагы кыздарга тиешелүү документтерди алуу аракеттери көрүлүүдө. Эгер кыздардын энеси аларды кайтарып алууга эч кандай аракет кылбаса кыздар 6 айдан кийин асыроого берилери каралат”, - дейт Раева.

Окуянын чоо жайына кайрылсак:

Эки кичинекей кызы менен Ош шаарындагы Ѳзгѳн кѳчѳсүндөгү үйлөрдүн биринин бир бөлмөсүн ижарага алган келин бир күндѳн кийин кыздарын үйгө таштап кетип 10 күн дайынсыз болгон. Бул убакыт аралыгында батирдин ээси балдарга тамак-ашын берип, аларды караган. Кийин рейд учурунда кыздарды тиешелүү мекеменин кызматкерлери алып кеткен. 1-февраль күнү кыздардын энеси шаардын социалдык коргоо башкармалыгына барган. Анын ишин караган комиссия кыздарын кайтарып бербөө чечимин кабыл алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(8)
21.02.2019. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кабайя жаман болуптур умуттонуп энесин кутуп жакандыр балдар.
21.02.2019. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кандай эне чырактай балдарынан кечип бир эрди тандап кетсе.Аллах озун ыйман бер.Балага зар болуп отуп кеткин.
21.02.2019. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ошол наристелердин атасы каякта жүрөт ?
Апасынын колунан эмне келет эле ? Азыркы жашоодо атасы бакпаса апасы жалгыз кантип багат ? Иштейби же балдарын карайбы ?

Атасын жазалаш керек, эмнеге таштап кеткен.
22.02.2019. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rifle_I,туура айтасын 200% кошулам, эркек соройлорго жоопкерчиликти кучотуш керек,балдарды туудуруп коюп куйрукту туйуп кополок болуп ар гулго конуп,ар кайсы жерге 1-2 баланы таштап коюп жооп бербей кетет беришеби? Эне майда балдарын карайбы же иштеп аларды багабы. Кана атасы бул балдардын таап, балдарын багуу милдетин мойнуна илип, кандай багып жатат козомолдоп туруу керек. Азыр кополок эркектер толуп кетти,2-3 балалуу болгондо башка гулду самап куйрук туйуп,гулдон гулго конгон
21.02.2019. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ушул жанылыкка тушунуп болбойт,бир эле турмушка чыккан деп айтышат,бир эле ашканада иштеп жургон деп!
21.02.2019. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Негизи шарият боюнча эне балдарын бакпайм деп атасына таштап кетсе да аялга күнөө жазылбайт,бул ачуу болсо да акыйкат. Балдар атага тиешелүү болот,алардын уругу.Өзү эккен урукту өзү бакпаса,аялга баарибир.Бирок энелик мээрим күчтүү болгондуктан эне ажырашканда балдарын кошо алат кетет көбүнчө.... Бул аял балдарын атасына же атасынын туугандарына таштап анан тийбептир эрге.Бирөөгө таштап койгону туура эмес болгон.
22.02.2019. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбекстантандан келип тороп таштап кеткен окшойт
22.02.2019. 07:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өзбек экен атына караганда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: