Окуучулары гимн жаңырганда токтоп калган мектептин директору Илита Пак: "Биз жаңы муунду тарбиялап жатабыз"



Бишкектеги гуманитардык-укуктук №4-гимназиясынын окуучулары Кыргыз өлкөсүнүн гимни жаңырганда басып бараткан жеринде колун көкүрөгүнө алып туруп калган видеосу интернетке тарап кызуу талкууланууда. Окуучулардын гимнге кылган мамилеси бүгүн, 21-февраль күнү эртең мененки саат 7:30 чамаларында Асан Гайыпов аттуу интернет колдонуучу тарабынан тартылган.
Аталган мектептин директору Илита Пак SUPER.KG'ге "Кыргыз өлкөсүнүн гимни жаңырганда басып бараткан жеринде колун көкүрөгүнө алып туруп калуу тарбиясы республика боюнча жалгыз эле №4-гимназияда бар" деп билдирет.
"Окуу сааты башталганда жана аяктаганда биз ар дайым эле гимн менен баштайбыз. Жадакалса мектепке чейинки даярдык класста окуп жаткан балдарыбыз гимн ырдалып жатканын билбесе дагы колун көкүрөгүнө алып турушат. Муну биз милдет катары күндө эле аткарабыз. Ал үчүн атайын микрофон, үн күчөткүч орнотконбуз. Гимн ырдалганда мектептин аймагына угулуп турат. Эгерде окуучу класстан сырткаркы аймакта болсо дагы гимн жаңырганда басып бараткан жеринде токтоп көкүрөгүн колуна алып гимнди угууга, ырдоого милдеттүү. Албетте, бул балдарыбызды мекенчилдикке тарбиялайт. Маданият, билим берүү жана үй-бүлөдөгү көйгөйлөргө карабай аракет кылып, жаңы муунду тарбиялап жатабыз. Муну сөзсүз эске алышыбыз керек. Азыр эмне берсек кийин ошонун үзүрүн көрөбүз.
Биздин окуучулар ашканадабы, класстабы же мектептин короосунда жүргөн болобу сөзсүз бул милдетти аткарууга көнүп калышкан. Анткени биз бул аракетибизди акыркы 5 жылдан бери тынымсыз кайталайбыз. Муну башка мектептерге да киргизүү керек деп ойлойм", - деди Илита Пак.
Мектеп директору кошумчалагандай, акыркы убактарда мектеп окуучуларына, мугалимдерге байланышкан терс көрүнүштөгү окуялар орун алып атканда ар бир окуучу үчүн жогорудагыдай жакшы аракеттер болушу керектигин белгиледи. Ал жетектеген мектепте учурда 2 200гө чукул окуучу билим алат.
Бишкекте окуучулар гимн жаңырганда басып бараткан жеринде токтоп туруп колун көкүрөгүнө алышты












1 |