super.kg logo

"Коопсуз шаар" долбоорунан түшкөн айып пулдар кайсы мекемелерге канча пайыздан бөлүнөт?

 

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жол эрежелерин бузуулар үчүн эсептелген айып пулдарды белгилөө жана пайдалануу тартиби бекитилди. Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүк аппараттан кабарлашты.

Маалым болгондой, Каржы министрлигинде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын аппараттык-программалык комплекси аркылуу аныкталган жол эрежелерин бузуулар үчүн айып пулдарды топтоо боюнча эсеп ачылды.

Түшкөн каражаттарды каттоо автоматтык режимде "Коопсуз шаар" маалыматтык тутуму аркылуу ишке ашырылмакчы.

Каржы министрлиги тиешелүү каражаттарды төмөнкүлөргө биринчи кезекте бөлүүнү ишке ашырат:

- Сынактын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн келишимге ылайык, жалданма компаниялар менен төлөнгөн айып пулдар үчүн эсептешүүгө Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетине, ошондой эле техникалык операторлорго техникалык коштоо жана "Коопсуз шаар" автоматташтырылган маалыматтык тутумунун колдоосу үчүн, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын токтомдорду унаа ээлерине жеткирүү үчүн почта кызматтарына.

Жогоруда белгиленген каражаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин калган айып пулдар суммасы төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

- 5 пайызы - УКМКга маалыматтарды иштеп чыгуу резервдик борборун түзүү, жаңылоо жана камсыз кылууга;

- 15 пайызы - Мониторинг борборунун күнүмдүк камсыз кылуу жана башкаруу процесстерин өркүндөтүү, жол кыймылынын эрежелерин бузуулар үчүн айып пулдарды жыйноону жакшыртуу жана аппараттык-программалык комплекс аркылуу аныкталган унааларды колдонуу үчүн.

Андан соң акча каражаттары жол инфраструктурасынын элементтерин тийиштүү абалга келтирүүгө байланыштуу чыгымдар үчүн унаа жолдорунун балансын кармоочулар ортосунда бөлүштүрүлөт:

- 25 пайызы өз алдынча башкаруу органдарына;

- 5 пайызы Транспорт жана жолдор министрлигине.

Түшкөн каражаттардын, анын ичинде көчмө аппараттык-программалык комплекси менен аныктоодон жыйналган каражаттардын калдыгы бюджет жөнүндө, "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу чечимине ылайык бөлүштүрүлөт.

12-февралда "Коопсуз шаар" долбоору ишке кирген. Анын алкагында шаар көчөлөрүндөгү 10 кесилишке коюлган камералар 7 эреже бузууну каттап баштаган. Анда эреже бузган айдоочу 1 миң сомдон 23 миң сомго чейин айыпка жыгылат.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(2)
21.02.2019. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тушкон акчаны карызга жолду ондогонго иштетишет десе.Уже болуп алышыптырго мынчасы мага мынчасы сага деп
22.02.2019. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Блиин, толоно элек акчаны уже болуп алышыптырго!!!
Это уже вопрос, жаз келе жатат элдин жинине коп тийбегиле, анткени митинг болуп кетсе эч ким толобойт. Ошондо эмнени болушоор экенсинер???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: