super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Өкмөт Бишкек мэриясын "Түндүк электр" ачык акционердик коомуна акционер катары киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүшү керек"

 

Жогорку Кеӊештин 21-февралдагы жыйынында депутат Марат Аманкулов "Өкмөт Бишкек мэриясын "Түндүк электр" ачык акционердик коомуна акционер катары киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүшү керек" деп билдирди.

Анын айтымында, Бишкек мэриясы муниципалдык мекемелерди электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн жылына бюджеттен 84 миллион сом төлөйт.

"Андан тышкары, мэрия өз каражатына жаӊы электр көмөкчү чордондорун орнотуп, аларды "Түндүк электр" компаниясынын карамагына өткөрүп берет. Ошого карабастан, ал муниципалдык мекемелер пайдаланган электр энергиясы үчүн ири каражат төлөөгө аргасыз болууда. Мисалы, Бишкек мэриясы "Түндүк электр" компаниясына баш-аягы 70 электр көмөкчү чордонун өткөрүп берген. Ал үчүн мэриянын бюджетинен ири каражат чыгымдалды. Демек, ал компаниянын өнүгүшүндө мэриянын дагы кандайдыр бир үлүшү бар. Өкмөт Бишкек мэриясын мамлекеттин үлүшү бар "Түндүк электр" ачык акционердик коомуна акционер катары киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүшү керек. Ошондо акыйкаттык орномок", - деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: