super.kg logo

Төө, павлин, таш бака, каман. Нарындагы бала бакча жамааты кардан кантип зоопарк жасады?

 

Нарын районуна караштуу Оттук айылындагы бала бакча кызматкерлери балдарга арнап кардан оюн аянтчасын жасашты. Бул тууралуу "Садык-Ата" бала бакчасынын директору Бурулкан Мамытова билдирди.

Аянтча куруу максаты - балдарды бала бакчага тартууда ата-энелер менен биргеликте иш алып баруу. Ошондой эле ар бир мезгилдин өзүнчө бир керемети бар экендигин далилдөө.

Бул бакчада жыл сайын мындай аянтча жасалып келери белгилүү.

"Биз жыл сайын балдарга кышкы оюн уюштурабыз. Былтыр пингвин жасаган элек. Быйыл дагы бул көрүнүштү кайталап, кызматкерлер менен биргеликте павлин жасоону чечтик. Алгач карды чогултуп үйүп, жетпегенин сырттан ташып үстүнө суу куя бердик. Ал тоңгондон кийин кескилеп куштун формасын чыгардык. Ал эми куштун канаттарын болсо кадимки эле чарага музду тоңдуруп кетишип, эртеси кар менен сууну аралаштырып кайра тиги жакка чаптап чыгышты. Бала бакчада 100 бала тарбиялангандыктан эки жактан кирип ойной турган кылдык. Жасалган кушту кооздош үчүн кадимки эле боёкту (колер) колдонуп, кооздоп чыктык. Бул аянтча өзүбүз күткөндөн дагы башкача кооз болуп чыга келди. Анан оюн уюштурдук. Ата-энелер да келип, балдары менен ойноп жаштык кезин эстеп, жагымдуу маанайда эс алышты. Жаш бөбөктөр болсо абдан кубанышты", - дейт бала бакчанын директору.

Бала бакчада жалпы 26 адам эмгектенип келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Комментарийлер(5)
21.02.2019. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азаматсынар!
21.02.2019. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сонуунго
21.02.2019. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Креативность-деп ушуну айт). Бали!!
21.02.2019. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менин баргым келип кетти.
22.02.2019. 07:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынча сонун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: