super.kg logo

Таласта иске ууланган үй-бүлө. Бир күн мурун алардын 2483 сом карызы үчүн электр жарыгын өчүрүп кетишкен

 

Таласта иске ууланган үй-бүлөнүн кырсыктан бир күн мурун 2483 сом карызы үчүн электр жарыгын өчүрүп кетишкен. Алар үй ичин жылытуу үчүн чакага от жагууга аргасыз болгон. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге "Түндүк электр" ишканасынан 21-февралда кабарлашты.

Маалым болгондой, аталган үй-бүлө электр жарыгына болгон 2483 сом карызын төлөбөгөнү үчүн "Түндүк электр" ишканасы тарабынан 8-февралда эсеп дүмүрчөгү келип, бир жуманын аралыгында төлөө талабы коюлган. 19-февралда ишкананын аймактагы адистери барып карызды белгиленген убакытта төлөбөй койгону үчүн үй-бүлөнүн электр жарыгын өчүрүп кетишкен. 2483 сом карыздын 2400 сому январь айындагы карызы болсо, калган бөлүгү 2018-жылдын декабрь айындагы карызынан калганы болгон.

"Аталган үй-бүлө 2018-жылдын июнь айынан бери карыздарын толук төлөбөй, улам кийинки айга жылдырып келген экен. Декабрь айында дагы толук төлөшкөн эмес. Январь айындагы карызы менен биригип жалпы 2483 сом карыздын дүмүрчөгү берилип, бир жуманын ичинде толук төлөө милдети коюлган. Бирок арадан 10 күн өтсө да төлөбөй койгону үчүн электр жарыгын өчүрүү зарылчылыгы пайда болгон", - деп билдиришти "Түндүк электр" ишканасынан.

Ошол күнү үй кожейкеси эки кыз, бир уулу үшүп калбасын деп үйдүн ичине чаканы алып кирип, ага от жагууга аргасыз болгон. Жыйынтыгында андан чыккан иске түн ичинде уктап жатып ууланып калып, өзү жана бир кызы каза болуп калса, 12 жаштагы баласы менен 4 жаштагы кызы оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Учурда 12 жаштагы баласы эсине келип, кызы дале эсине келе элек.

Айрым маалыматтарга караганда, үй кожоюну ошол учурда улуу баласы менен Бишкектеги ооруканада болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(20)
21.02.2019. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кышында очуруп салганы ото жаман кылышыптыр борк ал десе баш алган кишилер

кыркып кеткен адамдар акмак эле кишилер экен кылганынар айланып оз башынарга тийбесе болду
21.02.2019. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыштын куну кыркпай эле койбойбу эл эмне кылып жан багат жаш балдары менен..мына свет эмес омур кыркылды айбандар булар бир таш боор мерездер...бейишин берсин отуп кеткендердин 5 баласы бар экен кыйын эле да оздорун муздак уйго 1 кун камап койсо болмок ошол кесип кеткендерди..
22.02.2019. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Биздин уяалчак жеп жутарлар журотко карызын очойтуп.ошолордукун кыркандан эмне уяалып атасынарбы
22.02.2019. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
timoha81,Билесизго, алсыздарга күчтөрү жетет, ал эми миллиондогон карызы барлага духтары жетпейт булардын.
22.02.2019. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Менин светимди 46 сом учун очурушкон север электер сурасам 1 сом үчун да очуробуз деп жооп берген акылдуу счётчик ушундай деп
22.02.2019. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жеп жутарлар ошол олгон эненин балдарынын убалы силерге тийсин ылайым.Ошончо байлардыкы деле туратгоо толонбогону канча?Баланы жетим кылып энени олтуруп же бир иш болсо иштеп тологудой.
22.02.2019. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Светти кырку корупциянын бир чети. Ар кыркып кайра улаганы 200 сом турат. Бул акча казынага тушпойт. РЭСтерде калат. Учурунда толобосон пеня кошулат да. Кыркунун кандай зарылчылыгы бар.
22.02.2019. 08:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакиевдин убагында 200 300 сом келчу айлык 4 5 мин болчу пенсия да которулгон эле жонокой адамдардыкы,азыр айлык ошондой эле салык кымбат
22.02.2019. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
туугандар негизи короттунбу толош керек го. кызматкерлер деле мыйзам чегинде оз милдеттерин аткарган. чакадагы комур элитишин аял кантип билбесин. ата эне кичине кам коруп ылайдан болсо да меш куруп койсо болмок да кыш алдынан.

22.02.2019. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sunai87, ушул сөздү чиновниктерге айта аласыңбы? Алар 200 миң карыз болсо да төлөбөй жүрүшөт. Лично билем андайларды.Аларды кырка да албайт. Күчү жеткени карапайым элге жетет. Мени 200 сом үчүн өчүргөн
22.02.2019. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер Президент массалык маалымат каржаттары аркылуу электриктерге кайрылып, бандиттин уйуно да,озун бай сезген бай-манаптардын уйуно да, кедейдин уйуно да ээн эркин кирууго чакырып, эгер ошол жерден каршылык корсоткондорду мамлекеттик мыйзамдарга баш ийбегендиги учун деп чара коруп, "крышасына" чалса ошол "крышасын кыйраткыла деп буйрук берсе жакшы болот эле.Олко боюнча рейдтер уюштурулуп мыйзам баарына бирдей экендигин далилдоо керек.Антпесе жонокой учкундан от пайда болуп кетиши
22.02.2019. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен билген бирөө бар досу РЭСтин начальниги. Үйүнө барсаң кыштын чилдесинде жылаңайлак, футболкачан жүрүшөт. Көмүр менен да баштары оорубайт. Өзүбүз Нарын областында турабыз. Кантролёрлор да киришпейт, айланып өтүшөт, анткени билишет, шефтин досу экенин. Аны эч ким да сурабайт, анткени алардын иштери эмне. Өзү да ошентип жооп берет. Аны кантип, ким текшерет билбейм
22.02.2019. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толобой койгон дейт акчасы болсо толойбу болбосо айла жок да,балдарына эле кыйын болуптур энесиз калып. Кудайым сабыр,ден-соолук берсин эми калгандарына
22.02.2019. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироонун башы иштебей, комурду бочкага салып уйуно алыпкирип алып иске ууланып калса, башка бироолордон куноону издеп чыр салыштын кереги жок!!! Контролердун эч кандай куноосу жок, ал болгону озунун жумушун мыйзам чегинде аткарган. Мыйзам бардыгы учун бир.
22.02.2019. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Электр энергиясыз калса да, тонуп калбаштын башка жолдору толтура болчу. Тууган урук, дос жардыкына бар 1-2 кунго, коншуна деле айтсан уйундо тунотмок. Бул жерде болгону шалаакылык, башы иштебегендик орун алган. Ошонун кесепетинен ууланып олушкон. Жаткан жери жайлуу болсун. Бирок баарынын олумуно, ошол уй кожойкеси гана куноолуу!!!
22.02.2019. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карапайым элге эле кыйын заман болду. 2000 сомдук светти эсептеп королу. 700 кв.с 77 тыйындан 539 сом. Калган 1461 сому кв.с 2.16 тыйындан болгондо 679 кв.с болот. 700 кв.с + 679 кв.с жалпы 1 айга 1379 кв.с жагылган. 1379 кв.с 77 тыйындан эсептегенде 1061 сом болот. Мына электр энергияны эки эсе кымбат толоп атабыз.
22.02.2019. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар ким оз жашоосу, балдарынын омуру учун жоопкерчиликти оз моюнуна алыш керек да. Свет очургучторду куноолоп жатабыз, алар эмне толобогондордун уйуно бирден кирип жакындан таанышып, абалын текшерип отурмак беле? Алар куноолуу болгон учурда деле олгон кайтып келмек беле? Комур жагаардан мурун башты иштетсе болмок экен
22.02.2019. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адам омуру ушу электр акчасынан да аз турат экен да мына Кыргызстанда жашоо турмуш гос органдар тим эле хандын вазирлери кынк этсен башынды кесип ыргытышат жедеп эсирип бутушконда каалагандай пара алышып биздин хан каякты карап жата экен?
24.02.2019. 05:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи, бир жылы кышта казактардан свет алган кезде 2.16сомго жогорулатышты,жазда кайра тушуробуз деген шылтоо менен.

Элди КИДАЛА кылып коюшту !

Светтин баасын ким дагы жогорулатчу болсо КЕТСИН,КЕТСИН !!!
24.02.2019. 05:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озбекстанга арзан,Озубузго кымбат озубуздун свет

Кыргызстан до конца марта экспортирует в Узбекистан еще 550 миллионов киловатт-часов электроэнергии. Об этом заявлено на коллегии Госкомитета промышленности, энергетики и недропользования КР.

По данным ведомства, в Узбекистан экспортировано 1,143 миллиона киловатт-часов электроэнергии по 2 цента. А в марте Узбекистан получит один киловатт-час уже по 2,4 цента.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: