Жалал-Абад. Шаарга жыл башынан бери 8827 турист келди
Жалал-Абад шаардык мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салыжан Умаровдун айтымында, 2013-жылдын 6 айында шаарга 8827 турист келди. "Өткөн жылга салыштырмалуу туристтик тармактан салык чогултууда өсүш жакшы, бирок айрым мейманканалардын абалы талапка жооп бербейт",- деди Умаров. Айта кетсек, шаарда 15 мейманкана бар. Былтыр 6 айда шаарга 6614 эс алуучу келген. "Алдыда туристтердин санын жыл сайын 10 пайызга көбөйтүү боюнча иш-пландар иштелүүдө",- деп кошумчалады аталган бөлүм башчы.
Автор: Кенже Тынымбек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
0

