super.kg logo
  Спорт  

Хабиб Нурмагомедов беттешке чакырган UFC'нин мушкери Жорж Сен-Пьер спорттук карьерасын жыйынтыктады

 

Хабиб Нурмагомедов беттешке чакырган UFC'нин мушкери Жорж Сен-Пьер спорттук карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Сен-Пьер өзүнүн бул чечими тууралуу атайын уюштурулган маалымат жыйынында жарыялады.

"Мен карьерамды жыйынтыктай турганымды жарыялаш үчүн бул жердемин. Ар дайым карьераны бийиктикте турган учурда жыйынтыкташ керек экенин айтып келгем. Физикалык жактан өзүмдү жакшы сезип турганым менен, мурдагыдай беттешке чыгууга ашыкпай калдым. Буга байланыштуу спорттон кетүүгө мезгил келди деп ойлойм.

Менин спорттук жетишкендиктерим көп адамдын жардамы менен пайда болду. Алар болбосо азыр бул жерде отурмак эмесмин", - деп айтты Сен-Пьер.

Ошондой эле мушкер Хабиб Нурмагомедов менен болбой калган беттеш тууралуу пикирин билдирген.

"Мен Хабибдин чоң күйөрманымын. Ал мени менен беттешүүнү каалаган. Биз ал беттештин орун алуусу үчүн болушунча аракет кылдык. Бирок UFC`нин башка пландары бар экен. Мен муну түшүнгөндөн кийин дароо спорттон кетүү тууралуу чечим кабыл алдым", - деген мушкер.

Жорж Сен-Пьер UFC`нин 2 салмак категориясында чемпион болгон. Аны 20-февраль күнү UFC`нин жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов ушул жылдын ноябрь айына беттешүүгө чакырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: