Юрмалада "Жаңы толкун-2013" сынагы башталды
23-июль күнү кечинде Латвиянын Юрмала
шаарында “Жаңы толкун-2013” эл аралык фестивалынын
ачылышы болду. Аба ырайы бузулуп жамгыр жааганына карабай, пландар
өзгөрүлгөн жок, бардыгы өз нугунда уланды. 12-ирет өткөрүлүп жаткан бул сынакка Кыргызстандын
атынан ырчы Айбек Бакытбеков катышууда. Сынактын алгачкы күнүндө катышуучулар дүйнөлүк хит ырларды, 2-күнүндө өз өлкөсүндөгү
хит ырларды, 3-күнүндө эч жерде ырдала элек жаңы чыгармаларын аткарышат. Сынактын жеңүүчүлөрү “Хрусталь толкун” деп аталган 3
негизги сыйлык жана акчалай белектер менен сыйланат. Мындан сырткары көрүүчүлөрдүн
купулуна толгон ырчы тандалып, “Бриллиант толкун” наамы да ыйгарылат.
Автор: Ширин Турдакунова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















