Депутат Бишкектин чоң көчөлөрүндө унаа жуучу жайлардын жайгашканы туура эместигин айтты
Бүгүн, 22-февралда "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында депутат Абдимуктар Маматов Бишкек шаарынын чоң көчөлөрүндө унаа жуучу жайлардын жайгашканы туура эместигин айтты.
"Унаа жуучу жайлар шаардын ичинде жайгашкан. Кээ бир тургундар үйлөрүнө ачып алган. Башка өлкөлөрдө унааларын шаардын четинен тазалашат. Чоң көчөлөрүбүздө унаа жуучу жай турганы уят", - деди депутат.
Вице-мэр Рыспек Сарпашев бул боюнча экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жооп бериши керектигин айтты.
Депутат мэрияга тийиштүү канча автоунаа бар экенин сурады.
Вице-мэр билдиргендей, "Тазалык" ишканасынын 203 автоунаасы, "Жашылдандыруу" мекемесинин 60 автоунаасы бар. Анын айтымында, жалпы миңден ашык автоунаа мэрияга тийиштүү.
Маматов автоунааларды газга өткөрүү керектигин билдирди. Вице-мэр мэриянын автоунааларынын 60 пайызы эски экенин айтып, бул маселе каралып жатканын белгиледи.
Жыйында Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү маселеси каралууда.



1 |