super.kg logo

ИИМдин күзөт кызматынын кызматкери "Коопсуз шаар" долбоорунун камерасын сындырганга аракет кылды

 

Социалдык тармактарда белгисиз адам "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында коюлган көчмө камерасын уурдаганга аракет кылып жаткан видео тарады. Тасмадан камераны В7266АН мамлекеттик номерлүү жеңил унаага салып кетүүгө аракет кылып жаткан адамды дагы бирөө токтотууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот. Окуя Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылында болгондугу айтылууда.

Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы жогоруда айтылган маалыматтарды тастыктап, көчмө камераларды кайтаруу "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырып жаткан "Вега" концернинин милдети экендигин билдирди.

Ал эми облустук Ички иштер башкармалыгы аталган факт сотко чейинки өндүрүшкө алынганын билдирди.

"Факт 21-февраль күнү Беш-Күнгөй айылында болгондугу аныкталды. "Вега" компаниясынын кызматкери көчмө камераны орнотуп жаткан учурда 2 адам келип, анын жумушуна тоскоол болуп, камераны сындырууга аракет кылышкан.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 119-беренеде көрсөтүлгөн "Бейбаштык" беренеси боюнча катталды. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө белгисиз жарандардын бири Бишкектеги райондордун биринде ИИМдин алдындагы күзөт кызматынын кызматкери экендиги белгилүү болду. Териштирүү иштери уланып жатат", - деп айтылат маалыматта.






Белгисиз адамдар "Коопсуз шаар" долбоорунун камерасын сындырууга аракет кылышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: